Германияга чейин барган. Төрага Жумабеков чоң атасы тууралуу айтып берген видео

1045
(жаңыланган 20:07 24.04.2020)
"Фронт жаңырыгы" долбоорунда кыргызстандыктар жана жакынкы коңшулаш өлкөлөрдөгүлөр Улуу Жеңиштин барк-баасын ага катышкан аталар, апалар жөнүндө урпактары эскерип айтып берет. Быйыл дүйнө Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейт.

Улуу Жеңиш күндүн алдында Sputnik редакциясынын Кыргызстандагы, Казакстан, Белоруссия, Абхазия, Армения, Молдова, Грузия, Азербайжан жана Түштүк Осетиядагы агенттиктери согуштун каармандарынын тарыхын жарыялайт. Бул жоокерлер, офицерлер Белорусь, Балтика боюндагы, Кавказдагы, Түштүк жана дагы бир топ фронттордо салгылашкан.

Кыргызстандагы "Фронт жаңырыгы" деп аталган эл аралык акцияны Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун эскерүүсү менен баштайбыз. Спикердин чоң атасы Жумадил Тургунбаев майдандын отун кечип, Германияга чейин жетип, кийин киндик каны тамган мекени — Таласка кайтып келип, совхозду жетектеген.

Тургунбаев согушка Талас облусунун азыркы Кара-Буура районуна караштуу Саткей айылынан 22 жашында чакырылган. Кан майдандан аман-эсен кайтып келгенден кийин айылында совхоздун директору, бригадир болуп эмгектенип, айылдык кеңеште иштеген. Ардагер 86 жашында каза болгон.

"Фронт жаңырыгы" жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik редакцияларынын салттуу долбоору. Быйылкы жылды кошкондо үчүнчү ирет уюштурулуп жатат. Жыл сайын видеокөпүрө менен өтүүчү жакшы салт быйыл COVID-19дан улам башкача өңүт алды.

Бизге эми Кыргызстандагы эле эмес, мурдагы советтик республикалардын мамлекеттик ишмерлери, жарандары чоң ата, чоң энесинин же ата-энесинин Улуу Ата Мекендик согушка байланган, башкаларга өрнөк боло турган тагдыры, эрдиги, каармандыгы жөнүндө айтып бермекчи.

1045
Белгилер:
жоокер, Аскер, Улуу Ата Мекендик согуш, Кыргызстан
Тема:
Sputnik баштаган "Фронт жаңырыгы" долбоору (8)
Тема боюнча
Улуу Жеңиштин урматына Путиндин атынан кыргызстандык блокадачыга медаль тапшырылды
Мен аларды өз балдарымдай жакшы көргөм — Токтогон апа Ленинграддан келген балдар тууралуу

Бишкек мэриясы асма уколдун штативин жана тосмолорду кантип жасап жатат. Видео

236
(жаңыланган 13:31 06.07.2020)
Бишкектин коммуналдык кызматтары асма укол коюуга штативдерди жана бүгүлмө тосмолорду жасап жатат. Алар борбор калаада ачылган күндүзгү стационарларда колдонулат.

"Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева кызматкерлер жабдууларды кантип даярдап жатканын көрсөттү.

Анын айтымында, муниципалдык ишкана стационарлар ачылган күнү 400 штатив жана 100дөн ашык тосмо жасаган. Бүгүн дагы кеминде 200 штатив даярдалышы керек.

Бишкектеги күндүзгү стационарлардын номери өзгөрдү. Тизме

Каракеева ошону менен катар эле башка бригадалар негизги жумушунда көчөлөрдү таштандыдан тазалап жүргөнүн белгиледи.

Мындан сырткары, "Бишкек асфальт сервис" ишканасынын кызматкерлери стационарлар ачыла турган күнү түнү менен 100 штатив жана тосмонун 40 каркасын жасаган. Ал эми "Бишкек жарык" 100 штатив жана 30 тосмо даярдап, стационарларды электр энергиясы менен камсыздаганын кошумчалады.

"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды

Белгилей кетсек, коронавирус жана пневмониянын жеңил же орточо түрүнө кабылгандар үчүн Бишкектин төрт районунда күндүзгү стационар түзүлгөн. Бул жерден ийне сайдырып, медиктерден консультация алууга болот. Мэрия ал стационарлардын дареги менен телефон номерлерин  жарыялаган болчу.

236
Белгилер:
стационар, кызмат, тосмо
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды

Бишкекте күндүзгү стационарлар бейтаптарды кабыл алып баштады. Видео

485
(жаңыланган 17:46 04.07.2020)
Бүгүн борбор калаанын төрт районунда күндүзгү стационарларды ачуу пландалган. Ага сасык тумоо же пневмонияга кабылгандар кайрыла алат. Ал жерде кеп-кеңеш жана асма укол алса да болот.

Ленин районунда бейтаптарды кабыл алуу башталганын мэриядан билдиришти.

Видеодон биринчи бейтаптар кирип, кезекке туруп калгандыгын көрүүгө болот.

Стационарды даярдоо иштерине куткаруучулар да тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргыновдун айтымында, куткаруучулар түнү бою керебеттерди коюп чыккан.

Мэрия 530 орундук коюлгандыгын билдирди. Мындан мурдараак ар бир жайда 200 орун бар экендигин айткан эле.

Күндүзгү стационарлардын дареги:

  • Ленин району – "Газпром" Ден соолукту чыңдоочу комплекси (Жайыл баатыр көч., 66)
  • Биринчи май району – Кожомкул атындагы Спорт сарайынын имараты
  • Свердлов району – Санатбаев атындагы Ден соолукту чыңдоочу комплекс (Чыгыш-5 кичи району)
  • Октябрь району – Чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Түштүк магистраль)

Пневмониядан дарылоо үчүн Бишкекте дагы үч стационар ачылды. Дареги

485
Белгилер:
бейтап, оорукана, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Маалыматты так берип тургула. Жээнбеков министр Абдикаримов менен сүйлөштү
Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз
Баткен облусунда Исфана — Сулюкта жолунда тоолор. Архив

Сүлүктүдө жер көчүп, автоунаа жолун тосуп калды. Видео

0
(жаңыланган 23:08 06.07.2020)
Жолду тазалоо үчүн бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Тазалоо иши эртең дагы улантылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчүп, автоунаа каттаган чоң жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000 метр куб жер сүрүлүп, жолду бөгөп салган. Жабыркаган адамдар жок.

Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жолду тазалоо үчүн Кытайдын жол куруучу компаниясынан бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Иштин эртең дагы улантылары айтылат.

0
Белгилер:
тазалоо, жол тосуу, автоунаа, Жер көчкү
Тема боюнча
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Жыл башынан бери 35 адам сууга чөктү. Өкмөт коңгуроо кагууда