Бишкекте өзгөчө абалга карабай парктар курулууда. Асмандан тартылган видео

Жазылуу
Өзгөчө абал режимине карабай шаар бийлиги бир нече сейил бак куруп жатат. Өзгөчө “Ден соолук” паркында иш кызуу жүрүүдө.

2020-жылы Бишкекте “Ден соолук” паркы, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак жана Манас проспектиси менен Боталиев көчөсүнүн кесилишиндеги эс алуу аймагы ишке берилет.

Сотрудник Зеленхоза спел для коллег, сажающих деревья в новом парке. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Жашыл чарбанын" кызматкери иш убагында Бек Борбиевдин ырын созду. Видео
Келечектеги парктарда асфальт төшөлүп, ирригациялык система киргизилүүдө.

Шаар мэриясынын жайлуулук жана ландшафттык архитектура бөлүмүнүн адистери бардык ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылууда.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жумушчулары веложол үчүн брусчатка жана асфальт төшөөгө кам көрүп жатышат.

Парктардын аймагын жарыктандыруу үчүн "Бишкек жарык” ишканасы электр зымдарга траншея казып, бетон куюуда.

Жаңылыктар түрмөгү
0