Кудум кинодогудай! 20 секундада дүкөндөгү банкоматты уурдап кеткен видео

1736
(жаңыланган 20:53 26.04.2020)
Дүкөнгө даап кирип, банкоматты сүйрөтүп кеткендер азыркыга дейре табыла элек. Ал эми темирди айылга жакын жердеги токойдон табышкан.

Свердлов облусундагы Косулино айылында бет капчан үч киши азык-түлүк саткан дүкөндөн банкоматты 20 секундада уурдап кеткендигин Ura.ru жазды.

Үч киши банкоматты автоунаага байланган трос менен сүйрөтүп кеткен. Ал эми автокөлүктүн номерин чаптап, жаап коюшкандыгын Свердлов облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.

Бош калган банкоматты аталган аймакка жакын жердеги токойдон табышкан, ал эми уурулар алигече издөөдө. Алардын канча акчаны көтөрүп кеткени азырынча белгисиз.

Видеодон банкоматты троско байлап, ушундай күч менен тарттыргандыктан дүкөндүн эшиктери, кашектери талкаланып кеткендигин көрүүгө болот.

1736
Белгилер:
дүкөн, акча, банкомат, уурулук, Россия
Тема боюнча
Телевизор уурдагандардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды. Видео

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео

30
(жаңыланган 20:57 26.09.2020)
Видео АКШнын Йеллоустон улуттук паркында тартылган. Карышкырлар үйүрү менен бизонго аңчылык кылышып, аны кармап жыгышкан. Аюу келип алардын олжосун талашкан.

Йеллоустондогу аюулардын салмагы 300 килограммга жетет. Ал эми жергиликтүү карышкырлар 5-6 килограмм чыгарын National Geographic Россия жазат. Кармашта аюу жеңүүчү болуп чыкты. Карышкырлардан өлгөндөрү болгон эмес.

30
Белгилер:
кармаш, карышкыр, аюу
Тема боюнча
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу

Кашык, капот, бадыраң... Буюмдарды денесине жабыштырган кишинин видеосу

50
(жаңыланган 18:36 26.09.2020)
Ирандык Абольфазл Сабер Мохтаринин бардык нерсени денесине жабыштырып алуу өзгөчө жөндөмү бар. Ал муну акыл-эсин башкаруу менен жасай аларын айтат.

Тегерандын 51 жаштагы тургуну бала чагында эле мындай жөндөмү бар экенин билип, бирок көп жылдар бою колдонбой келген. Кайрадан баштоосуна кызынын индиялык жигит кашыктарды денесине чаптап алган видеоклипти көрсөткөнү себеп болгон.

Ташчайнар тиши менен тартчу эле... Тарбалаңдап МАЗ сүйрөгөн жигиттин видеосу

Абольфазл журналисттерге автоунаанын капотун, жумшак оюнчук, бадыраң, кашык жана башка түрдүү нерселерди денесине жабыштырып алганын көрсөтүп берген. Видео Ruptly YouTube каналына жарыяланды.

Өнөр ээси эч кандай жабыштыргыч зат колдонбой турганын белгилейт.

50
Белгилер:
капот, өнөр, Иран
Тема боюнча
Арабдарды тиши менен көтөрүп эсин оодарган Ташчайнар. Camel Fest видеосу
Жалал-Абаддагы "магнит баатыр": темир, кагаз, буюмдар денеге жармашканда
Бычак кармаган киши. Архивдик сүрөт

Милиция: таңда үйгө кирген каракчылар атасын бычактап, кызын өлтүрүп кетишти

0
(жаңыланган 21:02 26.09.2020)
Кылмышты ачуу боюнча Аламүдүн району менен Чүй облусунун тартип коргоочулары иштей тургандыктарын айтышты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө ууруга киргендер кызды өлтүрүп кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Кол салуу боюнча маалымат милицияга 26-сентябрда болжол менен саат 03:10дө түшкөн.

Маалыматка караганда, саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен.

Автомат, мылтык жана тапанча табылды. Бишкекте жети киши кармалган видео

Кыз көз жуумп, ал эми киши Бишкектеги ооруканалардын биринде. Жазык кодексинин негизинде 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши ачылган.

Кылмышкерлерди табуу үчүн тартип коргоо органдарынын Аламүдүн райондук жана Чүй облустук жана республикалык деңгээлдеги тажрыйбалуу делген ыкчам кызматкерлеринен турган топ түзүлүп, иштеп жатат.

0
Белгилер:
милиция, киши өлтүрүү, каракчылык, уурулук, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөдү делген эки өспүрүм камакка алынды