Алп кескелдириктердин тамак талашып кармашкан учурунун видеосу

345
Кескелдириктердин кош аяктап тура калып урушуп жатканын Таиланддагы Бок-Хорани деп аталган улуттук парктан тартып алышкан. Коронавирус инфекциясынан кийин ал жер да кадимкидей ээндеп калганын Newsflare кабарлады.

Алар жүргөн жериндеги топуракты чаңдатып, бир топко чейин кармашкан. Тажадыбы же чарчадыбы, бирөө кетип калып, тирешти берки экөө уланткан.

Видеодон эки аяктап, тоголонуп, бири-бирин тиштөөгө аракет кылып, кээде муунткан сымал ыкмаларды жасап жатканын көрүүгө болот.

Улуттук парктын кызматкеринин айтымына караганда, уруштун себеби азыктын жетишпестиги болгон.

"Биздин маалыматка караганда, бул жерде 10го жакын варан бар. Аларга адатта келген туристтер тамак-аш таштап кетчү. Андан сырткары, калган азыктарды жечү. Пандемиядан улам парк жабылып, көрүүчүлөрдүн аягы сууган. Жей турган эч нерсе калбагандыктан, алакандай азык тапса да уруша турган болушту", - деген ал.

Буга чейин мындан катаалыраак видео тараган. Анда кескелдирик менен питондун айыгышкан кармашы тартылып калган.

345
Белгилер:
видео, кармаш, кескелдирик, Таиланд
Тема боюнча
Арстандарды байкабай калган гиена жырткычтарга жем болду. Видео
Питон менен эчкемердин айыгышкан кармашы видеодо

93 жашында шуулдап операция жасаган Мамакеев. Дарыгердин иш учурунан видеобаян

25
Хирург Мамбет Мамакеевди кыргыз эли эле эмес, бүт дүйнө тааный баштады. Себеби ал 68 жылдык карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Жакшы жаңылыгы менен алтын колдуу дарыгерди Sputnik Кыргызстан агенттиги да куттуктап, ал-абалын сурап келди.

93 жаштагы Мамбет Мамакеев башка курбалдаштарына салыштырмалуу тың, күүлүү-күчтүү. Учурда Бишкектеги хирургия борборунда иштеп, күнүнө 3-4 операция жасайт. Биз барган учурда кезектеги операциясына даярданып жатыптыр.

"Азыр бейтаптын өтүн алабыз. Кааласаңар операцияга кирип чыккыла" деп шуулдап халатын кийип, операция залына жөнөдү. Операция көз ачып-жумганча бүттү. 93 жаштагы хирург 10 мүнөттүн ичинде кайра иш бөлмөсүнө келип калды.

"Операциядан тажабайм, чарчабайм дагы. Анткени ал жакта сүйлөбөйсүң. Хирургдун мээси, анан колу жакшы иштеш керек. Көп сүйлөгөндөн чарчап кетем. Ушул жашка келгичекти бир да күн жумушума кечигип же келбей калган күнүм болгон эмес. Ишиңди жакшы көрсөң, андан тажабайсың", — деди дарыгер.

Мамакеевдин хирургия тармагында иштей баштаганына 68 жылдан ашыптыр. Бул аралыкта ал 30 миңден ашык адамдын өмүрүн сактап калган. 1000ге чукул шакирттерди тарбиялап, 200дөй илимий эмгектин автору болгон. Дарыгер адамга таланттан биринчи эмгек керек экенин айтып, тырышчаактыгынын, эмгекчилдигинин арты менен атактуу хирург болгонун айтып берди.

"Медициналык институтта билим алып жүргөндө мугалимдер мени тартипсиз, орой, орусча сүйлөй албайт деп жаман көрчү. Аспирантурага тапшырарда да "бул кантип аспирант болот" деп араң өткөрүшкөн. Бирок мен тырышчаактыгым, эмгекчилдигим менен аспирант болмок тургай, ушул даражага жеттим. Айрымдары "Мамакеев дагы эле тирүүбү" деп сурайт экен (күлүп). Мен бул жумушума көнгөм. Аны таштоо оңой эмес. Ишиңе берилүү менен мамиле кылыш үчүн ишти, ооруну, бейтапты да сүйгүнүң. Кесипкөй адис болом десең билимге умтул. Мунун баары болгондо гана ишке көңүл тартат", — деди хирург.

Кызыгы, хирург өмүрүндө чылым чегип, арак ичип көргөн эмес. Дени сак жашоого бала кезинен көнүп, чыйралганын айтып отурду. Мамакеев дүйнөдөгү аксакал дарыгерлердин бири. Кемпири менен эки уулду тарбиялап чоңойтушкан.

"Кемпирим 91 жаштын чайын ичип отурат. Бирок алдан тайып, араң басып, сүйлөбөй калды. Экөөбүз баштан далай кыйынчылыкты өткөрдүк. Эки уулум менин жолумду жолдоп медицина тармагын тандап алышкан. Биринчи уулум ооруканада диагностикалык борборду иштетсе, экинчиси ушул оорукананын жетекчиси. Небере-чөбөрөлөрүм бар", — деди Мамакеев.

Хирург биз менен маегинде экинчи даражадагы "Манас" орденинен башка мамлекеттик сыйлыктын баарын алганын айтып отурду. "Кудай күч-кубат берсе иштей берем, азырынча көзүм курч, мээм алжый элек", — деди ал.

Айтылуу хирург 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн.

Бишкек шаарында анын ысымы ири хирургия борборуна ыйгарылган.

25
Белгилер:
эмгек жолу, операция, дарыгер, хирург, видео, таржымал, Мамбет Мамакеев
Тема боюнча
Айыгарын билбей өлмөкчү болуп... Өзгөчө операция жасаган нейрохирургдун маеги
Шоопур болуп кете жаздаган. Миңдеген мээни ачкан Миталип Мамытов 80 жашка чыкты

Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт! АКШда эл Флойд менен коштошкон видео

373
(жаңыланган 21:47 05.06.2020)
Американын Миннеаполис шаарында полиция кызматкерлеринин одоно аракетинен каза болгон афроамерикалык Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты болду.

Миннеаполистеги Түндүк Борбордук университетинин (North Central) имаратына жүздөгөн адам Флойдду эскерүү үчүн чогулду. Табытты жүктөгөн автоунаа көрүстөнгө бара жатканда эл "Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт!" деген сөздү кайталап жатты.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

373
Белгилер:
коштошуу, узатуу, полиция, Жорж Флойд, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат
Бала бакчадагы балдар. Архивдик сүрөт

Балдар таза абада көп болушу керек. Бишкектеги бала бакчалар үчүн эрежелер

0
(жаңыланган 15:52 06.06.2020)
Эпидемияга каршы ыкчам комиссия документтерди иштеп чыгып, ал Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтери менен макулдашылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы балдардын бакчада жүрүү боюнча жаңы эреже иштеп чыкты.

Эске салсак, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 5-июндан тарта иштей берүүгө уруксат берилген. Бирок мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын тарбиячылары толугу менен COVID-19 вирусуна анализ тапшырышы шарт эле.

Мэриядан билдиришкендей, эпидемияга каршы ыкчам комиссия документтерди иштеп чыгып, ал Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтери менен макулдашылды.

Эрежелер:

  • эртең менен бала кирип келе жатканда дене табы текшерилип, дарыгер кароодон өткөрөт;
  • кызматкерлер менен ата-энеден балада вирустун белгилери бар-жогу тууралуу маалымат алынат, анкета толтурулат;
  • имараттын ичинде бет кап кийүү керек;
  • бала бакча кызматкерлери маал-маалы менен бөлмөлөрдү тазалап, дезинфекциялап турууга милдеттүү;
  • бала бакчанын жетекчилиги иш тартибин өзгөртүүсү керек. Мисалы, тайпалар болушунча бири-биринен алыс болуп, байланышпашы зарыл;
  • аба ырайы мүмкүндүк берсе, балдарды болушунча сыртта, таза абада кармоого аракет кылынышы керек;
  • балдар топтошуп ойнобой, бири-биринен 1,5-2 метр аралыкта болушу керек;
  • бөлмөлөр балдар жок кезде желдетилип турушу зарыл. Күнүнө 4-5 ирет 15 мүнөттөн;
  • бала бакчалар үч режимде иштей алат: толук күн, кыска күн жана тайпалар смен менен;
  • канча тайпа иштээри бала бакча жайгашкан аймактагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу.

Ошондой эле мэрия тарбиячы жана ата-энелер үчүн кеңештерди даярдады. Алар менен миниципалитеттин Telegram-каналынан тааныша аласыз.

0
Белгилер:
Бишкек мэриясы, эреже, бала бакча, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия: бала бакча кызматкерлеринин көбү анализ тапшырды
Ош шаарында 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды
Бала бакча кызматкерлери COVID вирусуна анализ тапшырат