"Чоң атам Кузьма Алексеевич Кацюба согуш жөнүндө айтып бергенди жактырчу эмес. Ушунчалык шайыр-шатман жүргөн адам болгондуктан, коркунучтуу апаатты эстегиси да келчү эмес.
... Бир ирет чоң атам жубайына фронттон кат жазат. Анда "биз менен бирдей шартта калса да, немистердин абдан кылдат экенин жана какайып, түптүз жүргөнүн байкайм, өзүн караганды билишет экен", — деп айтылыптыр.
Түшүнө чоң энем кирет. Чуңкурда отурса, "Кузьма! Кузьма!" деген үн чыгат. Башын көтөрүп, өйдө жакта турган аялын көрөт. "Колуңду бер, тартып алайын", — дейт да, чыгарып алат.
Таң атат. Бирок эмнегедир аны атуу үчүн эмес, командирге алып барышат.
"Сени атпайбыз, фронтко жөнөтөбүз... аялыңа рахмат де. Бүгүн ал сени өлүмдөн алып калды" , — дептир командири.
Көрсө, майдан талаасына таң эрте тылдан кат келет. Анда чоң энем майдандагы күйөөсүнө: "Сен фашисттер менен кашык каның калганча салгылашам деп жазыптырсың... Аныңа макулмун, ооба, чыныгы патриот катары кадам ташташың керек. Бирок тирүү келишиңди каалайм. Кудайым өзү колдосун", - деп жазган экен.
Биз, биздин балдарыбыз, неберелерибиз согуш деген эмне экендигин билишин каалабайм. Кийинки муун биз үчүн курман болгон ата-бабаларыбызды эстеп, алардын эрдигин айта жүрөлү.
Бардыгыңыздарга тынчтык каалайм. Кыргызстандыктарды урматтайм жана жакшы көрөм, кызыңар Светлана Назаренко".
"Фронт жаңырыгы" — Sputnik маалымат борборлорунун салттуу долбоору. Улуу Жеңиш күнүнүн алдында Sputnik редакциясынын Кыргызстандагы, Казакстан, Белоруссия, Абхазия, Армения, Молдова, Грузия, Азербайжан жана Түштүк Осетиядагы агенттиктери согуш каармандарынын тарыхын жарыялайт. Бул жоокерлер, офицерлер Белоруссия, Балтика боюндагы, Кавказдагы, Түштүк жана дагы бир топ фронттордо салгылашкан.
"Фронт жаңырыгында" кыргызстандыктар жана жакынкы коңшулаш өлкөдөгүлөр Улуу Жеңиштин барк-баасын, ага катышкан аталар, апалар жөнүндө урпактары эскерип, айтып берет. Быйыл дүйнө Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейт.
Окуя ACA Young Еagles Гран-при мелдешинин жарым жеңил салмагынын 8/1 финалында болгон. Беттеште кыргызстандык мушкер толук үстөмдүк көрсөткөн. Кармаштын аягында калыстардын бир добуштан чыгарган чечимине ылайык, Шадид Абдуразаков жеңүүчү деп жарыяланган.
Өзүнүн пайдасына чыккан чечимге чечен мушкери макул эместигин билдирген. Ал беттештин калысы колун көтөрүүгө аракет кылып жатканда колун артка тартып кеткен. Абдуразаков муну менен эле чектелбей, чыныгы жеңүүчү атаандашы экенин колу менен көрсөткөн. Анын мындай кадамы ММА чөйрөсүндө өзгөчө алкоого алынып, социалдык тармактарда күйөрмандардын ыраазычылыгын жараткан. Видеолорго "чечен мушкеринин татыктуу кадамы!", "Чечен спортчусуна урмат-сый!", "Чыныгы эркек!" деген көптөгөн комментарийлер айтылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мелдештин жүрүшүн алып барган комментаторлор да кыргыз мушкери толук артыкчылык кылганын белгилешип, жеңүүчү расмий жарыялана электе эле аны куттукташкан.
Деген менен уюштуруучулар чечимин өзгөртүп, кыргызстандык мушкер Адилет Нурматовду жеңүүчү деп атады.
Нурматов промоушендин Гран-при мелдешинин чейрек финалына чыкты. Кийинки этаптагы таймаштар качан болору азырынча айтыла элек.
Анда Россия президенти COVID-19га байланыштуу чектөөлөр жана татаалдыктарга карабай Жапаров менен көзмө-көз көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди.
Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолуккан видеосун таратты.
Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген багыттарын, бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырган. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жапаров иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандагы келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды. Кызматташууну арттыруунун актуалдуу багыттарын белгилеп, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрө түзүү боюнча иш-аракеттердин планына көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өткөн.
Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген.
Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.Иш-чарага россиялык ири компаниялардын 40ка жакын жетекчиси катышкан. Алар: "Ренова" компаниялар тобу" АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, "Сколково" жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциализациялоо борборунун Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, "Сколтехтин" (Сколково илим жана технологиялар институту) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Виктор Векселберг, "Россия темир жолу" ААКсынын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский, "Газпром нефть" ПАКтын тышкы экономикалык иштер боюнча башкы директорунун орун басары Павел Одеров, Россия Федерациясынын Президентинин электр энергетика тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү, "Артпол Холдинг" ЖЧКсынын президенти Сергей Шматко, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Станислав Наумов, Санарип экономика боюнча комитеттин төрагасы, "Ростелеком" ПАК президенти Михаил Осеевский. Ошондой эле "ФосАгро" ПАК, "ВымпелКом" ПАК, "Хюндай Мотор СНГ" ЖЧК, "Северсталь" ПАК компанияларынын, Картошка жана жашылча базарынын катышуучулар бирлигинин, ЕАЭБдин фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлдөрү жана мунай, банк, өнөр жай, курулуш, химия, энергетикалык тамак-аш, машина куруу жана текстиль тармактарынын лидерлери катышты.Эске салсак, кечээтен бери Жапаров Россияда жумушчу иш сапар менен жүрөт. Алгач Россия лидери Владимир Путин менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулап, аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.