Көчөдө суу шаркырап... Исфана шаарында сел жүрүп кетти. Видео

Жазылуу
ӨКМ башчысы Замирбек Аскаров абалды жеке көзөмөлүнө алып, Лейлекке орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топту жөнөткөн.

Баткендин Лейлек районунун Исфана шаарында сел жүргөнүн ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Баткенде жер титиреп, күчү 4 баллга жетти
Ага ылайык, бүгүн, 2-майда, саат 18:30дар чамасында Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 19:00дө жерине ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнөн үч кызматкер чыгып кеткен. Ошондой эле министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлекке орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөтүлгөн.

Министр абалды жеке көзөмөлүнө алганы белгиленди. Кошумча маалымат берилет.

Буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0