Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк ачылды. Ажайып сейил бактын видеосу

Жазылуу
Бишкек мэри Азиз Суракматов шаардын түндүк тарабында жайгашкан Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркты колдонууга берүү боюнча даярдыгы менен таанышты.

Муниципалдык кызматкерлер асфальт, брусчатка төшөп, отургучтарды орнотушту. Ошондой эле Түлөбердиевдин эстелиги коюлду.

Бишкекте өзгөчө абалга карабай парктар курулууда. Асмандан тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте өзгөчө абалга карабай парктар курулууда. Асмандан тартылган видео
Скейт тебүү жайына пайдубал куюлду, эми конструкциясын орнотуу керек. Өлкөнүн чек арасы жабык болуп жаткандыктан, аны жайгаштырып берчү адистер азырынча келе алышпайт.

Сейил бакка заманбап диоддук чырактар жана металлдан куралган кош арка коюлду. Алты гектар аянтка газон себилди.

10 гектарды ээлеген сейил бакты көркүнө чыгарууга шаардык бюджеттен 48 миллион сом сарпталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0