БАЭде 48 кабаттуу имарат өрттөндү. Кырсыктын видеосу

Жазылуу
Бириккен Араб Эмирлигинин Шардж шаарында 48 кабаттуу имарат өрттөндү. Анын бийиктиги 190 метрди түзөт.

Gulf News жергиликтүү басылмасынын маалыматына ылайык, өрт 5-май күнү кечинде Abbco Tower көп кабаттуу имаратынын 10-кабатынан чыккан.

В Бишкеке горело авто — тушить помогала группа захвата ГУГССО - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте автоунаа өрттөнүп, аны өчүрүүгө милиция жардам берди. Сүрөт, видео
Асман тиреген көп кабаттуу жай 2006-жылы салынган. Ал шаардагы эң бийик 10 имараттын бири болуп эсептелет.

Андагы тургундар жана анын жанындагы үйдө жашагандар башка жакка көчүрүлгөн. Интернетке жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, өрттүн жалыны көп кабаттуу үйдү дээрлик толук каптаган.

Күбөлөрдүн айтымында, өрттү өчүрүүгө бир нече учкучу жок учуучу аппарат, 15 өрт өчүрүүчү унаа, адамдар тартылган. Азырынча кырсык эмнеден келип чыкканы айтыла элек. Маалым болгондой, өрт астыңкы кабаттан башталып, бир заматтын ортосунда жайылып кеткен.

Шаардык бийлик Шардж калаасынын жарандык коргонуу тобу ири кырсыкты алдын алганын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0