Чоң атамдан 6 жыл кат келбептир. Министр Жаманкулов ардагер бабаларын эскерди

Жазылуу
Кыргызстандын Юстиция министри Марат Жаманкулов жана анын эки уулу Sputnik агенттигинин "Фронт жаңырыгы" долбооруна катышты.

Бул долбоордо кыргызстандыктар жана жакынкы коңшулаш өлкөдөгүлөр Улуу Жеңиштин барк-баасын ага катышкан аталар, апалар жөнүндө урпактары эскерип айтып берет. Быйыл дүйнө Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейт.

Марат Жаманкуловдун чоң атасы Жаманкул Абдукадыров Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 18 жашта экен.

"Аны жана бир нече эркектерди майданга Кең-Булуңдан алып кетишиптир. Чоң энем алты жылда күйөөсүнөн бир да кат албаптыр. Үй-бүлөсү андан түңүлө баштаганда... 1947-жылы кайтып келген экен. Колхоздо иштеп жүрүп, 1956-жылы дүйнөдөн өтүптүр", — деп айтып берди министр.

Ал эми таятасы Узак Байгазиев фронтко 1942-жылы аттанган.

Аялынын каты жоокерди өлүмдөн алып калганын Светлана Назаренко баяндады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Аялынын каты жоокерди өлүмдөн алып калганын Светлана Назаренко баяндады. Видео
"Ал 124-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн экен. Согуш талаасында жарадар болуп, бутунан ажырайт да, 1943-жылы кайтып келет. Андан кийин Кажы-Сайдагы заводдо иштептир", — деди Жаманкулов.

Министрдин уулдары 11 жаштагы Нурлан менен 9 жаштагы Нурсултан Улуу Жеңиш жөнүндө ыр айтып беришти.

Улуу Жеңиш күндүн алдында Sputnik редакциясынын Кыргызстандагы, Казакстан, Белоруссия, Абхазия, Армения, Молдова, Грузия, Азербайжан жана Түштүк Осетиядагы агенттиктери согуштун каармандарынын тарыхын жарыялайт.

Бул жоокерлер, офицерлер Белорусь, Балтика боюндагы, Кавказдагы, Түштүк жана дагы бир топ фронттордо салгылашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0