Өзгөчө өткөн Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясы. Толкундаткан видео

Жазылуу
Коронавирус эпидемиясынан улам Жеңиштин 75 жылдыгын кыргызстандыктар көчөгө чыкпай, үйдө отуруп майрамдашууда. Бишкек карантин маалында Жеңиш майрамын кантип белгилеп жатканын Spunik Кыргызстан агенттигинен көрө аласыздар.

"Өлбөс полк" акциясынын уюштуруучулары жүрүштү онлайн өткөрүүнү чечишкен. Эл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин сүрөттөрүн соцтармакка жүктөп, үйлөрүнүн терезелерине да илип коюшууда. Бишкек шаарынын тургундары адаттагыдай бул акцияны колдошту.

Саат 12:00дө ар өлкөдөгү бардык каалоочулар "Жеңиш күнү" ырын аткарып, майрамды башташат.

Кыргызстан Улуу Жеңиш күнүн кантип майрамдап жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0