(NaN:NaN / NaNMb / )

Жеңиш майрамына карата Владимир Путиндин кайрылуусу. Видео

120
(жаңыланган 13:37 09.05.2020)
Россия президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Өчпөс оттун алдында сүйлөп жатат.

Владимир Путин согушта курман болгондордун эстелигине гүл койгондон кийин, Өчпөс оттун алдында сөз сүйлөдү.

Борбор калаанын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата митинг-реквием өтүп, ага мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коронавирус пандемиясынан улам майрамдын урматына арналган массалык иш-чараларды кийинчерээк өткөрүү боюнча чечим чыккан. Бирок чектөөлөргө карабай, программада аба парады бар. Ошондой эле кечкисин шаарлардын борборлорунда салт болуп калгандай майрамдык салют атылат.

9-майга пландалган бардык иш-чаралар, анын ичинде Кызыл аянттагы парад, "Өлбөс полк" жүрүшү вирус тарап, биринчи кезекте ардагерлерге коопсуз болуп калганда уюштурулмакчы.

120
Белгилер:
Улуу Жеңиш, согуш, кайрылуу, өчпөс от, Владимир Путин
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)
Тема боюнча
Жеңиш күнүн Кыргызстан кандай майрамдап жатат? Тексттик трансляция
Өзгөчө өткөн Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясы. Толкундаткан видео
Онлайн өтчү "Өлбөс полк". Дүйнө жүзүнөн түз алып берүү аяктады

Кежирлигин айт! Карганын кирпини түрткүлөп, жолдон өткөргөн видеосу

269
Кадимки эле асфальтталган жолду туурасынан кесип, басып-баспай кежеңдеп бара жаткан кирпини артынан тумшугу менен чокулап, түрткүлөп өткөрүп бара жаткан чар карганы көрүүгө болот.

Маалыматты "National Geographic Россия" сайтына жарыялады.

Экөөнүн өтүп кетишин бир нече автоунаалар күтүп, казкатар тизилип токтоп калган.

Окуя Латвиянын Огре деп аталган шаарында болгон.

Видеону көргөн киши аргасыздан жылмаят. Кирпи чечен жалкоолондубу же башка себеби барбы, айтор, карганын чыдамын кетиргенин көрүүгө болот. Анткен менен кежирликке моюн бербеген канаттуу кезеги келгенде тумшугу менен тил укпаган, кашаңданган жаныбарды чокуп-чокуп алып жатканы көзгө дароо урунат.

Видеонун алдына комментарий жазгандардын бири "карганын бул камкордугу калп эле, четке чыгарып алып жеши да мүмкүн" деген.

Ал эми дагы бир интернет колдонуучу карганын акылы жети жаштагы баладай деген пикирин айтып, канаттуу кирпини өлтүрүүгө аракет да кылбастыгын жазган.

269
Белгилер:
автоунаа, видео, канаттуулар, чечен, кирпи, чара, Латвия
Тема боюнча
Жол эрежесин көзөмөлдөгөн камерага "фотосессия" өткөргөн тоту куштун видеосу
Саякатчы кирпи Instagram баракчасында жылдыз болууда. Сүрөт

Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт

397
Россиянын истребителдери Сириянын жээгине жакындоого аракет кылган АКШнын Poseidon P-8A чалгынчы учагынын жолун тосту.

Бул окуядан кийин АКШ командачылыгы Россиянын аскер-космостук күчтөрүн ээнбаштык менен кооптуу маневрларды жасап жатат деп кине койду. Алардын айтымында, россиялык истребителдер тыңчы учакка 8 метрге чейин жакын келип, маневр жасоого жолтоо болгон имиш. Чалгынчы учактын жолун бууганга 64 мүнөт кеткен.

Америкалык учактар ушуну менен Сириянын аймагында жайгашкан россиялык аскер объектилерине жакындоого акыркы эки айда эле үчүнчү ирет аракет жасап жатышат.

Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Аскер-космостук күчтөргө таандык учактардын баары эл аралык эрежелерди катуу сактай турганын дайым эскертип келет.

397
Белгилер:
Сирия, армия, Россия, АКШ, чалгынчы, истребитель, учак
Тема боюнча
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү
Май куйуучу жай. Архив

Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт

0
Салык кызматы автомай куйган бекеттердин ээлерине 1-июлга чейин бири калбай талап кылынган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү бардык май куюучу бекеттер толугу менен башкаруунун автоматташтырылган системасын колдонуп башташы керек. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы күйүүчү май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлерине 1-июлга чейин бири калбай аталган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

Автоматташтырылган электрондук системанын өзгөчөлүгү — кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куя албайт. Чек албаса, станциянын май куюу колонкасы иштебейт. Система бул жайлардын бензинди берүү учурун Салык кызматынын серверине да көрсөтүп турат.

Май куйган автобекеттерге коюлган талаптар өкмөттүн токтомуна ылайык ишке ашууда.

Ага ылайык, күйүүчү майды мунай заттарынын базасына же резервуарына ээлик кылган жактарга гана дүңүнөн сатууга мүмкүн болот.

0
Белгилер:
текшерүү, система, май куюучу бекет, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады