(NaN:NaN / NaNMb / )

Владимир Путин Президенттик полктун парадына катышты. Видео

277
(жаңыланган 15:18 09.05.2020)
Бүгүн президент Владимир Путин Белгисиз жоокердин бейитине гүл койду, ошондой эле ардагерлерге жана бардык жарандарга кайрылды.

Россиянын президенти Владимир Путин Президенттик полктун жөө жана атчан жөө жүрүштөрүнө катышып жатат. Анын сөз сүйлөшү да күтүлүүдө.

РФ лидери эртең менен согушта курман болгондордун эстелигине гүл койгондон кийин Өчпөс оттун алдында элге кайрылган.

9-майга пландалган бардык иш-чаралар, анын ичинде Кызыл аянттагы парад, "Өлбөс полк" жүрүшү вирус басаңдап, биринчи кезекте ардагерлерге коопсуз болуп калганда уюштурулмакчы.

277
Белгилер:
Улуу Жеңиш, Владимир Путин, Россия
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)
Тема боюнча
Жеңиш майрамына карата Владимир Путиндин кайрылуусу. Видео

Кежирлигин айт! Карганын кирпини түрткүлөп, жолдон өткөргөн видеосу

279
Кадимки эле асфальтталган жолду туурасынан кесип, басып-баспай кежеңдеп бара жаткан кирпини артынан тумшугу менен чокулап, түрткүлөп өткөрүп бара жаткан чар карганы көрүүгө болот.

Маалыматты "National Geographic Россия" сайтына жарыялады.

Экөөнүн өтүп кетишин бир нече автоунаалар күтүп, казкатар тизилип токтоп калган.

Окуя Латвиянын Огре деп аталган шаарында болгон.

Видеону көргөн киши аргасыздан жылмаят. Кирпи чечен жалкоолондубу же башка себеби барбы, айтор, карганын чыдамын кетиргенин көрүүгө болот. Анткен менен кежирликке моюн бербеген канаттуу кезеги келгенде тумшугу менен тил укпаган, кашаңданган жаныбарды чокуп-чокуп алып жатканы көзгө дароо урунат.

Видеонун алдына комментарий жазгандардын бири "карганын бул камкордугу калп эле, четке чыгарып алып жеши да мүмкүн" деген.

Ал эми дагы бир интернет колдонуучу карганын акылы жети жаштагы баладай деген пикирин айтып, канаттуу кирпини өлтүрүүгө аракет да кылбастыгын жазган.

279
Белгилер:
автоунаа, видео, канаттуулар, чечен, кирпи, чара, Латвия
Тема боюнча
Жол эрежесин көзөмөлдөгөн камерага "фотосессия" өткөргөн тоту куштун видеосу
Саякатчы кирпи Instagram баракчасында жылдыз болууда. Сүрөт

Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт

404
Россиянын истребителдери Сириянын жээгине жакындоого аракет кылган АКШнын Poseidon P-8A чалгынчы учагынын жолун тосту.

Бул окуядан кийин АКШ командачылыгы Россиянын аскер-космостук күчтөрүн ээнбаштык менен кооптуу маневрларды жасап жатат деп кине койду. Алардын айтымында, россиялык истребителдер тыңчы учакка 8 метрге чейин жакын келип, маневр жасоого жолтоо болгон имиш. Чалгынчы учактын жолун бууганга 64 мүнөт кеткен.

Америкалык учактар ушуну менен Сириянын аймагында жайгашкан россиялык аскер объектилерине жакындоого акыркы эки айда эле үчүнчү ирет аракет жасап жатышат.

Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Аскер-космостук күчтөргө таандык учактардын баары эл аралык эрежелерди катуу сактай турганын дайым эскертип келет.

404
Белгилер:
Сирия, армия, Россия, АКШ, чалгынчы, истребитель, учак
Тема боюнча
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү
Ошто Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты курула баштады

ММУнун Оштогу филиалына Москвадан 100гө чукул адис келип, сабак бермекчи

0
(жаңыланган 20:38 29.05.2020)
Окуу жайга алгач 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттер бир нече адистик боюнча билим алат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады. Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди.

  • ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
  • Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
  • Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
1 / 3
© Фото / пресс-служба ОшГУ
ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады

Анда курулуш иштерине Ош мамлекеттик университетинин бюджеттен 76 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

"Окуу жайдын филиалы күз айларында курулуп бүтүп калат. Капсула салуу аземине ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин катышты. Филиал ОшМУнун алдында ачылат. Алгач 60тан 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттерге Москвадан келген жүзгө жакын адис билим берет", — деп айтылат маалыматта.

Университеттин филиалында студенттер колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктерине билим ала алышат. Аны ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргызстан менен Россия президенттеринин жолугушуусунда колдоого алынган.

ОшМУнун маалымат кызматы 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгын да билдирди.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый университеттердин катарына кирет. Курамында 15 илимий-изилдөө институт, 43 факультет бар. Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикстан (Душанбе), Армения (Ереван) жана Словенияда (Копер) филиалдары бар.

0
Белгилер:
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Москва, курулуш, окуу жай, Ош, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт