Трамп журналисттер менен уруша кетип, жыйынын үзгүлтүккө учуратты. Видео

674
(жаңыланган 12:02 12.05.2020)
АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттер менен кайым айтыша кетип, Ак үйдө болуп жаткан маалымат жыйынын үзгүлтүккө учуратып, аягына чыгарган жок.

Лидердин кабарчылар менен жолугушкан видеосу Американын CNBC TV каналында жарыяланды.

Ак үйдүн башчысы 11-май, дүйшөмбү күнү, брифинг өткөргөн. Америка лидери жыйында сүйлөгөн сөзүндө АКШ башка өлкөлөргө салыштырмалуу коронавируска эң көп тест жүргүздү деп мактанган. Бирок айрым журналисттер Америкада өлүм көрсөткүчү тез өсүп жаткандыгын белгилешкен.

Трамп ага ачууланып, журналисттердин бирине: "Мен сизди өзүңүзгө караганда жакшы түшүнөм" деген.

Президенттен АКШда адамдар биринин артынан экинчиси өлүп жаткан учурда эмнеге тесттерди көп жүргүзгөнү тууралуу айтып жатканын сурашкан. Трамп үнүн бийик көтөрүп: "Менден эмес, Кытайдан сурагыла", - деген. Ал андан кийинки суроону "өтө жагымсыз" деп атап, журналисттин дагы кыжырына тийген.

Президент кийинки суроолорго жооп бербей, маалымат жыйынын токтотуп салган.

Эскерте кетсек, АКШ коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

674
Белгилер:
видео, уруш, журналист, жыйын, коронавирус, Дональд Трамп, АКШ
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (756)
Тема боюнча
Аппарат менен дем алып... COVID-19дан дарылаган оорукананын ичинен видео

Тизелеп, тилектештикти билдирип… АКШ полициясынын видеосу

67
Американын Де-Мойн шаарындагы нааразычылык акциясы жүрүп жаткан маалда полиция эл алдында тизелеп турду.

Муну менен тартип коргоочулар акцияга чыккандарга тилектештигин билдирип, расизмге жана адилетсиздикке каршы экендигин билдиришкен.

Шаар администрациясынын айтымында, митинг коменданттык саат алдында болгон. Ага катышкандар өздөрү эле үйүнө кайтышкан.

46 жаштагы афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен чатактын мизи кайта элек. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Флойдду өлүмгө дуушар кылган полиция кызматкерлерин катуу жазалоону талап кылышууда.

67
Белгилер:
видео, нааразычылык акциясы, полиция, АКШ
Тема боюнча
Америкалыктар бизнесин мародерлордон курал менен коргоп жатат. Видео
Өмүрүн тобокелге салып тартышкан. АКШдагы башаламандыкты баяндаган 12 сүрөт

Мен Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео

105
Коронавирустан арыла электе дүйнө каршылык акцияларына тушукту. Митингге чыккандар расизмге жана полициянын зомбулугуна каршылыгын билдирип жатат.

Алгач полицияга кармалып, андан кийин каза болгон афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу акциялар окуя болгон Миннеаполис шаарында башталган. Тез арада АКШ аймагына, андан соң башка мамлекеттерге да жайылып кетти.

Колдоруна "Дем ала албай жатам", "Акыйкатсыздык жок, демек тынчтык жок" деген плакаттарды көтөргөн адамдар Нидерландда, Испанияда, Аргентинада, Улуу Британия менен Германияда акцияга кошулушту. Ал эми Грецияда митингчилер консулдуктун жанындагы АКШнын желегин өрттөп жебиришкен. Канада менен Францияда да башаламандык болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болгон. Окуя болгон жерлерден тартылган видео назарыңыздарда.

105
Белгилер:
консулдук, желек, башаламандык, дүйнө, полиция, өлүм, акция, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Өмүрүн тобокелге салып тартышкан. АКШдагы башаламандыкты баяндаган 12 сүрөт
Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат
Бишкектеги аялдамада бет кап кийип отурган аял. Архивдик сүрөт

Мэрия: Бишкек азыр кооптуу, коронавирус жуктуруп алуудан абайлагыла

0
(жаңыланган 14:45 04.06.2020)
Мэрдин орун басары шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, бет кап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык эрежелерди аткарууга чакырды.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу брифинг учурунда калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

"4-июнга карата Бишкекте коронавирус жуктурган адамдардын саны 499га жетти. Алардын 77си четтен келген жана 422си ооругандар менен байланышта болгон жарандар экени аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат", — деди Кузнецова.

Бүгүнкү күндө вирустан дарыланып чыккандардын саны 300 адамга жетти.

Мэрдин орун басары вирус жуктуруу коркунучу жогору бойдон турганын айтып, шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, бет кап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык эрежелерди аткарууга чакырды.

0
Белгилер:
карантин, коронавирус, мэрия, Татьяна Кузнецова, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда 28 кишиден коронавирус чыкты
Каныңыздын тобу кайсы? Коронавируска көп туруштук бере албачулар айтылды
Жээнбеков: коронавирус инфекциясы аймактардагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды