Батыш Россияны статистиканы бурмалап жатат деп айып тагууда. Видео

Жазылуу
Батыштын New York Times жана Financial Times басылмалары өз материалдарында Россия коронавирустан өлгөндөрдүн санын атайылап азайтып көрсөтүүдө деп жазып чыгышты.

Өз кезегинде Россия бийлиги мындай билдирүүлөр акылга сыйбай турганын айтып, төгүндөөсүн талап кылды. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова басылмалардын жазганын өлкөгө пландаштырып жасалган маалыматтык чабуул деп атады.

Бирок мындай жосунсуз аракеттерге батыш басылмалары эле эмес, көп учурда АКШнын расмий адамдары да далилсиз айыптарды жаадырып, инфекцияга туруштук бере албай калганын актоо үчүн жалган маалыматтарды жайылтып келет.

Эскерте кетсек, АКШда коронавирус жуктургундардын саны 1,4 миллионго жетип, анын 85 миңи каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0