"Өлбөс полктун" акциясына чагымчылдыкка шектелгендердин сурактагы видеосу

347
(жаңыланган 00:25 17.05.2020)
Россиянын Тергөө комитети "Өлбөс полк" акциясы онлайн жүрүп жатканда сайтка нацисттик кылмышкерлердин сүрөттөрүн илип койду деп шектелгендердин сурактагы видеосун жарыялады.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө адистер алардын ким экендигин, интернетте отуруп алып, чагымчылдык кылгандарды бардык аймактардан таап чыкты. Алардын арасында Пермь облусунун эки, Самара, Волгоград жана Ульяновск шаарларынын бирден жашоочусу бар.

9-май күнү онлайн-акция жүрүп жаткан маалда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүнүн арасына фюрер Адольф Гитлердин, рейхсфюрер Гиммлердин портреттери коюлуп калган. Андан сырткары Нюрнберг трибуналы менен соттолгон кылмышкерлердин да сүрөттөрү чыккан.

Нацизмдин кайра жандандыруу аракети үчүн деген берене менен аларга кылмыш иши козголгон.

Видеодон тергөөчүлөр батирлерди тинтип, компьютерлердин номерлерин жазып, ичиндегилерин топтоп, ал эми шектүү кишилерди суракка алганын көрүүгө болот.

Тергөө комитетинен тинтүүдөн алынган материалдардан улам булардын социалдык тармактагы өзүнчө бир коомдун мүчөсү экендигин түкшүмөлдөөгө болорун айтышкан.

Гитлердин сүрөтүн сайтка жайгаштырды деген Самарадагы шектүү адам суракта күнөөсүн мойнуна алган. Ал эми Пермдин жашоочусу тамашалагысы келип, бирок анысы "ишке ашпай калгандыгын" айткан. Ульяновскинин тургуну да кылганына өкүнүп жаткандыгын билдирген. Тергөөчүлөр ал адамдын буга чейин экстремизм жана уурулук үчүн мурда соттолгондугун айтышты. Мындай ишке аралашкандардын арасында нацисттик кылмышкерлердин сүрөттөрүн чет элдин, тагыраагы, Украина менен Эстониянын аймаганда туруп алып сайтка койгондор да бар экенин билдиришти.

Бул боюнча тергөө, иликтөө иштери уланууда.

347
Белгилер:
Ульяновск, видео, сурак, Тергөө комитети, онлайн, "Өлбөс полк" акциясы, Самара, Пермь, Россия
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)
Тема боюнча
Жүрөктү эзип... Бишкекте өткөн "Өлбөс полк — онлайн" акциясынан видео

Эфирге шымы жок чыгып алган депутат, күлкүсүн араң тыйган кесиптештери. Видео

353
(жаңыланган 16:52 03.06.2020)
Европарламенттин Ирландиядагы депутаты Люк Флэнаган видеоконференция учурунда кесиптештеринин алдында адаттагыдан башкача чыккан.

Европарламент бул учурда айыл чарба тармагынын көйгөйлөрүн талкуулап жатканын The Guardian жазды. Кеп кезеги келген Флэнаган эфирге көйнөкчөн, бирок шымы жок пайда болгон. Төшөктүн үстүндө отуруп сүйлөп жаткан депутаттын анда-санда жылаңыч буттарын кармалап, сылап коюп жаткандыгын көрүүгө болот.

Кадрдан кесиптештери күлкүсүн кыйынчылык менен тыйганын байкоо кыйын деле эмес. Ал докладын бүткөндөн кийин комитет жетекчиси жылмайган тейде, ыраазылыгын билдирген.

Парламентарий шымы жок экени парламенттегилерге көрүнүп калгандыгын билгенден кийин, буга маани беле бербегендигин айткан.

353
Белгилер:
видеоконференция, доклад, күлкү, депутат, жылаңачтануу, Ирландия, Европарламент
Тема боюнча
ЖКда ант берип жаткан судья Конституцияга колун койгонду унутуп калды. Видео

Бел ашып, кар кечип жарык жандыргандар. Асманда иштеген энергетиктердин видеосу

461
(жаңыланган 03:21 03.06.2020)
3000 бийиктиктеги катмарлап каткан карды аралап, андан соң ашуунун дал чокусуна орнотулган электр линиясынын түркүгүнө чыгып, аны бир нече күндөп оңдоо жөнөкөй адамдардын колунан келе турчу иш эмес.

Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар, бирок төмөнкү видеодон кооптуулук менен коштолгон түйшүктүү иш процессин көрүүгө болот.

Бул — "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын Нарындагы энергетиктери Сары-Кыр ашуусуна чыгып барып, электр өткөрүүчү линияны оңдогон учуру.

Ал жерге адистер жолду кардан тазалап отуруп, эки күндө жеткен. Бул ишти аталган мекеменин Нарындагы филиалынын бригадасы жасады. Ошентип акырында энергетиктер Урумбаш-Жетиген деп аталган 110 кВт чыңалуудагы линияны оңдошту.

461
Белгилер:
кар, энергетика, Тогуз-Торо, Кыргызстан
Тема боюнча
Суу кечип, куюнда калып, Нарын суусунун үстүнөн зым тарткан энергетиктер. Видео
Учактан түшүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив

Өлкө ичинде учак менен ары-бери каттай турчуларга атайын эрежелер иштелип чыкты

0
Эгер аэропорттордогу текшерүү учурунда жүргүнчүдөн коронавирустун белгилери (дене табы көтөрүлүп, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу) байкалса, ал ооруканага жаткырылары айтылды.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Республикалык штаб Кыргызстандын ичинде авиакаттам менен каттай турчу жүргүнчүлөргө атайын эрежелерди иштеп чыкты.

Маалыматка караганда, мындай иштер коронавирусту алдын алуу жана аны жайылтып албоо максатында жасалууда.

Жүргүнчүлөр үчүн иштелип чыккан эреже, талаптар:

  • "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунун имаратына билеттери бар авиажүргүнчүлөр гана киргизилет;
  • Жашы жете элек балдарды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөндөр да кире алышат;
  • Алардын жанында авиабилеттин өзү же телефонунда электрондук версиясы болушу керек;
  • Жүргүнчүлөрдү узатып келгендер, тосуп алгандар имараттын ичине киргизилбейт;
  • Жүргүнчүлөр аэропортко каттоо башталганга чейин эки саат эрте келиши керек;
  • Аэробекеттин кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана жүктөр дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтүшөт. Ошондой эле алардын дене табы сөзсүз текшерилет;
  • Ар бир жүргүнчү бет кап тагынып, аралыкты сакташы зарыл;
  • Эгер текшерүү учурунда коронавирустун белгилери (дене табы көтөрүлүп, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу) байкалса, ал адам ооруканага жаткырылат.

Республикалык штаб өлкө ичинде каттай турчу жүргүнчүлөргө айтылган эрежелерди так сактоого чакырды.

Эске салсак, 5-июндан тарта өлкөдө ички авиарейстер менен аймактар аралык коомдук транспорт иштеп баштайт.

0
Белгилер:
коронавирус, эреже, штаб, авиакаттам, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Июнда Кытайдан жол кура турган адистер менен куруучулар алып келинет
Кыргызстанда 5-июндан тарта аймак аралык транспорт каттай баштайт