Берешен, кичи пейил жан эле! Жээнбековдун апасына арналган видеоролик чыкты

Жазылуу
Интернетте президент Сооронбай Жээнбековдун энесине арналган жагымдуу видеоролик пайда болду. Видео мамлекет башчынын Youtube каналына жарыяланган.

Жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип келет. Быйыл бул дата 17-майга туш келди. Апаларды өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да куттуктап, баатыр энелерге сыйлыктарын тапшырган.

Энелер күнүнө карата президенттин Youtube каналында өзүнүн апасына арналган жагымдуу видеоролик жарыяланды.

Видеодон көп баланын ортосунда отурган жоолукчан, маңдайы жарык энени көрүүгө болот. Ал Сооронбай Жээнбековдун апасы.

Видеодон Ыдырыс Молдалиев аттуу киши Жээнбековдун апасы тууралуу жакшы пикирлерин айтып кеткен.

"Эженин колунан чай ичип калдым. Үйүнө кандай адам барбасын "балам, нан ооз тий, чай ич" деген кичи пейил, берешен, акылдуу байбиче болчу", — деген Молдалиев.

Видеоролик Сооронбай Жээнбековдун баатыр энелерди куттуктап жаткандагы цитаталары менен толукталган. Өлкө башчы мекенге болгон атуулдук сезим энеге болгон сүйүүдөн башталарын айтып, бардык энелерге ден соолук каалап кеткен.

Атайын Энелер күнүнүн урматына Sputnik агенттиги ушу тапта коронавирус менен бел чечпей күрөшүп жаткан министр, комендант, облус жетекчилеринин да энелери тууралуу сүрөт түрмөк даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0