Тамак жасап, бала караганды үйрөндүк. Карантинде өзгөргөн бишкектиктердин видеосу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы борбор калаадагы санитардык эрежелердин аткарылышына байкоо салуу үчүн көчө аралады. Тургундардын бир тарабы ачык жерде бет кап тагынуу керек десе, экинчи тарабы ага кошулбайт.

Газ менен жүргөн коомдук автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
Кыргызстанда коронавирус катталып, чектөөлөр киргенине эки ай болду. Бул жарандарга кандай таасир берип, алардын жашоосунда эмнелер өзгөргөнүн билүүгө аракет кылдык. Кээ бир ата-энелер карантин убагында балдарына жакын болуп, алардын катылган таланттарын көрө алганын айтышты. Ал эми жаш кыздар тамак жасаганды үйрөнүп, жигиттер үйдөгү майда-барат жумуштарын бүтүргөнүн белгилешти. Арасында эки айдан бери көчөгө биринчи жолу чыгып, "шаар өзгөрүп кетиптир" деп таң калгандарды да кезиктирдик.

Шаарда автоунаа көп, бирок жөө жүргөндөр аз экени байкалат. Айрымдарына микрофон сунганда эл өзү санитардык эрежелерди аткарбай жатканын айтып нааразы болушту.

Белгилей кетсек, ушул маалда түкүргөндөргө айып салуу мыйзамы да актуалдуу болуп турат. Себеби шаарда түкүрүү оорунун жайылышына чоң коркунуч жаратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0