АКШнын Ачык асман боюнча келишимден чыгуусунун кесепети. Видео

261
(жаңыланган 15:39 23.05.2020)
Дональд Трамп Россияга келишимдин алкагындагы эреже-талаптарды аткарбай жатат деп кине коюуда. Ал эми Москва ушундай эле дооматтарды Вашингтондун дарегине айтып жатат.

АКШ Ачык асман боюнча келишимден чыгарын президенти Дональд Трамп билдирип, Россияны күнөөлөй кетүүнү да унуткан жок. Анын айтымында, Москва аталган келишимдин талаптарын аткаруудан баш тартып келет. Ал эми Россия айтылган дооматтарды четке кагып, келишимден чыкпай турганын айтып жооп кайтарды.

Трамптын эл аралык коопсуздук жаатындагы дагы бир маанилүү келишимдин түбүнө жеткени туурасында биздин видеодон көрсөңүз болот.

261
Белгилер:
Дональд Трамп, талап, доомат, Россия, АКШ, келишим
Тема боюнча
Россия АКШнын Ачык асман боюнча келишимден чыгуу ниетин сынга алды

Комдонуп, кулакты жапырып. Кара кулак шердин жонунан тартылган видео

40
Америкадагы зоопарктардын биринде кара кулак шердин кантип чуркагандыгын, күүлөнгөндүгүн, дегеле кыймыл аракетин бир нече сантиметр жакындыктан көрсөтүп беришти.

Адатта бул жырткычтын жанына жолоого мүмкүн эмес экендиги баарына дайын. Бул туурасында "National Geographic Россия" сайты жазды.

Кара кулак шер мышык тукумундагы жаныбарлардын эң күлүгү. Үч секунда ичинде ылдамдыгын саатына 112 чакырымга жеткире алат, тагыраагы, тез күүлөнөт. Бир секундада өзүнүн тулку боюнан 16 эсе узун аралыкка чуркоого жөндөмдүү.

Цинциннати зоопаркынын кызматкерлери кызыккандарга сейрек видеону тартуулашты. Сейрек дегендин себеби, бир нече сантиметрден туруп, ошончолук ылдамдыкта, аны менен эч ким катарлаша чуркай албайт. Мындай мүмкүн да эмес, себеби жырткыч чоочун бирөөнү жанына жакын жолотпойт.

Зоопарк кызматкерлери кара кулак шердин бел жагына GoPro камерасын орнотуп, анын бир кадамын көрүүчүлөргө тартуулады. Аны карап турган адам жаныбардын кантип даярданып, кантип күүлөнүп, анан кантип атырыла чуркап бара жаткандыгына күбө боло алат.

40
Белгилер:
кара кулак, зоопарк, ылдамдык, видео, АКШ
Тема боюнча
Иранда иттерди COVID-19ду аныктоого үйрөтүшүүдө. Кызыктуу видео
Карантинден кийин көрүшкөн кожоюн менен эшектин эмоциясы. Видео

Жаакка муштап, көмкөрөсүнөн түшүрүп... UFC уюмундагы ыкчам жеңиштердин видеосу

38
Турнирине катышуу ар бир спортчунун кыялы болгон Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) өзүнүн тарыхындагы чагылгандай тез аяктаган жеңиштердин видеосун топтоп чыгарды.

Тасма промоутерлик компаниянын расмий YouTube-каналына жарыяланды.

Роликтин башында уюмдун тарыхында эң аз убакытта нокаут менен жеңишке жеткен мушкер Хорхе Масвидалдын беттеши көрсөтүлөт. Ал былтыр атаандашы Бен Аскренди секирип келип тизеси менен башка тээп, беш секунданын ичинде уткан. Буга чейин эң ыкчам нокаут 1996-жылы катталып, мушкерлердин кармашы сегиз секундага гана созулган.

Андан кийинки кадрда ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор. 13 секунда ичинде бразилиялык мушкер Жозе Алдуну жаакка муштап, чемпиондук курун тартып алганына күбө болосуздар.

Кыздардан Ронда Роузи 14 секунданын ичинде атаандашы Кэт Зинганонун колун кайрып утуп алган. Роузи UFC уюмунда чемпиондук курду тагынган алгачкы аял мушкер. Анын арты менен көп кыз-келиндер аралаш мушташка келгени айтылат. Соңку эки беттешинде нокаут менен утулгандыктан, карьерасын жыйынтыктаган.

Мындан сырткары уюмдун учурдагы жана экс-мушкерлеринин ар кандай ыкмалар менен ыкчам убакытта жеңишке жеткенин көрө аласыздар.

38
Белгилер:
видео, нокаут, жеңиш, UFC
Тема боюнча
Конор мыкты мушкерлерди атап, ага Хабибди кошкон жок. Атаандашынын жообу
Кэтлин Чукагян менен эми Антонина Шевченко беттешмей болду
Коронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери

Азайбай жатат! Бүгүн 74 кишиден коронавирус чыкты

20
(жаңыланган 10:07 28.05.2020)
Өлкө аймагына киргизилген өзгөчө абал жоюлганы менен өзгөчө кырдаал күчүндө. Бийлик тартипти сактоого чакырууда.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 74 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаарында 21 кишиден чыкты. Анын 10у Россиядан келген курсанттар. Чүй облусунда бирөө болсо, Ош шаарында 35 кишиден аныкталды. Ош облусунда төрт, Нарын облусунда 13 киши вирус жуктуруп алганы такталды.

Ушуну менен жалпы жонунан Кыргызстанда COVID аныкталган 1594 учур катталды.

Учурда өлкө аймагындагы абал тууралуу кабардар болуу үчүн редакция жүргүзгөн тексттик трансляцияга баш багыңыз.

 

20
Белгилер:
Нурболот Үсөнбаев, тест, анализ, статистика, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус мизин кайтаргысы жок. Өлкөдөгү абал тууралуу сүрөт, видео баяндама