Кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн! Жээнбеков Орозо айт майрамы менен куттуктады

749
(жаңыланган 18:30 23.05.2020)
КР президенти бир адамдын кенебестиги жүздөгөн кишиге залакасын тийгизе турганын белгилеп, элдин ден соолугу, саламаттыгы үчүн тыным көрбөй аракеттенип жаткан медицина кызматкерлеринин эмгегин жогору баалады.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктап жатып айтты.

Өлкө башчы алгач орозонун касиетине токтолуп, быйыл рамазан айы коронавирус илдетинен сактануу шартына туура келгенин эске салды. Мында элдин ден соолугун, өмүрүн сактоо үчүн зарыл болгон медициналык талаптарды аткарып, катуу тартип сакталганына токтолду.

"Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем. Элибиздин ден соолугу, саламаттыгы үчүн тыным көрбөй аракеттенип жаткан медицина кызматкерлеринин эмгегин жогору баалайбыз. Коомдук тартипти, коопсуздукту күнү-түнү камсыз кылган укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин ишин өзгөчө баса белгилейм. Бул ишке ыктыярдуу катышкан бардык мекендештериме элибиздин атынан рахмат айтам. Чогуу кылган аракетибиздин акыбети кайтып, кырдаал көзөмөлдө кармалды. Ооруну жуктуруп алгандардын көпчүлүгү сакайып чыгууда", — деп айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков азыр ишкерликке, күнүмдүк тиричиликке болгон чектөөлөр жумшарганын кошумчалап, карым-катнаш калыбына келе баштаганы менен кырдаал кайсы күнү болбосун өзгөрүп кетиши толук ыктымал экенин белгиледи.

"Ошондуктан, урматтуу калайык журтум, мындан ары да калк саламаттыгынын коопсуздугу үчүн илдеттен коргонуу чараларын күчөтүлгөн режимде улантышыбыз керек. Биримдик менен жеткен натыйжабызды текке кетирбей, оорунун мындан ары тарашына бөгөт коюу — негизги максатыбыз. Буга чейин мамлекеттик органдар тарабынан чектөөлөр киргизилип, көзөмөл катуу болду. Эми жеке ар бирибиздин жоопкерчилигибиз күчөдү. Ушуну баарыбыз толук түшүнүшүбүз зарыл. Бир адамдын кенебестиги жүздөгөн адамга залакасын тийгизет. Сиздерди коомдун саламаттыгына кайдыгер карабай, кырдаалга бийик жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам. Медициналык талаптарды бузбай, жеке тартипти сактоону күнүмдүк адатка айлантууга тийишпиз", — деди президент.

Өлкө башчысы кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бак-таалай, ийгилик каалап, орозо күндөгү максаттардын кабыл болушуна тилектеш экенин белгилеген.

749
Белгилер:
биримдик, карантин, коронавирус, орозо айт, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Орозо — 2020 (21)
Тема боюнча
Бишкекте орозо учурунда ооз ачыруу уюштуруп келген чайкана аныкталды
Муфтият: Айт намаз аянт, мечиттерде окулбайт

Кара тумакчан Ким Чен Ын, какайган аскерлер. Кореядагы аскердик параддын видеосу

355
Кореянын борбордук телеграф агенттиги парадда "дүйнөдөгү эң кубаттуу курал" көрсөтүлдү деген кабарды таратты.

Пхеньянда Кореянын "Эмгек" партиясынын VIII съездинин урматына аскердик парад болуп өттү. Анда парадды кара тумак кийген Ким Чен Ын кабыл алып, аскерлерди узата карап тургандыгын көрүүгө болот.

Аскерлердин жүрүшүн жана парадды кабыл алган Ким Чен Ындын видеосун RT жарыялады.

Анда Кореянынын борбордук телеграф агенттиги жазгандай, суу алдында жайгашкан баллистикалык ракеталар — "дүйнөдөгү эң кубаттуу курал" көрсөтүлдү. Андан сырткары, тактикалык ракеталар менен өзү кыймылга келе турган артиллериялык техникалар да өттү. Асмандан тартылган видеодо төрт чарчы болуп ашык-кеми жок басып бара жаткан аскерлер да чагылдырган.

355
Белгилер:
баллистикалык ракета, аскердик парад, Ким Чен Ын, Түндүк Корея
Тема боюнча
ЖМК: Ким Чен Ын мурдагы сүйүктүүсү менен эл алдына чыга баштады
Ким Чен Ын өз элинен кечирим сурады. Себеби
Ким Чен Ын бийлигинин бир бөлүгүн карындашына өткөрүп берди

Россияда COVID-19га каршы массалык эмдөө башталат

50
(жаңыланган 15:20 15.01.2021)
Россияда келерки жумадан тарта COVID-19га каршы массалык эмдөө башталат. Россия президенти Владимир Путин тиешелүү инфратүзүмдү даярдоого тапшырма берди.

Эмдөө пандемиянын экинчи, "татаалыраак боло турган" жылынан сактап кала алабы? "Спутник V" менен кайсы чет өлкөлөрдө эмдөө башталды? Якутиялык окумуштуулардын кайыңдын кабыгынан жасалган препаратына таянсак болобу?

Бул суроолорго жоопту биздин видеодон көрсөңүз болот.

50
Белгилер:
Спутник V, эмдөө, коронавирус, вакцина, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Спутник V" Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда
Россиянын "Спутник V" вакцинасын 1,5 миллиондон ашык киши алды
Бишкектеги Токтогул Сатылгановтун эстелиги. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
16-январга караган түнү республика боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, январь
Тема боюнча
Жерге муз доору кайтышы мүмкүн