Алматыда эмерек цехинде жарылуу болду. Видео

Жазылуу
Дээрлик миң чарчы метрге жайылган жалынды өрт өчүрүүчүлөр таңкы саат алтыда чектөөгө алган. Учурда жеринде 19 атайын техника жана 65 өрт өчүрүүчү иштеп жатат.

Алматы шаарында таңкы саат беш чамасында эмерек цехинде жарылуу болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаментине таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Шаардын ар тарабынан көрүнгөн кара түтүн. Кампадан чыккан өрттүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Шаардын ар тарабынан көрүнгөн кара түтүн. Кампадан чыккан өрттүн видеосу
Мустай Карим көчөсүндөгү имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тиешелүү органдарга саат таңкы 5.12де түшкөн. Жерине барган өрт өчүрүүчүлөр жарылуу болгон жерден өрт чыгып, цехтин аймагына толугу менен жайылганын көргөн.

Өзгөчө кырдалдар департаментинен текшерүү иштеринен кийин алгач өрт чыгып, анын жайынтыгында жарылуу болгонун кабарлашты.

Дээрлик миң чарчы метрге жайылган жалынды өрт өчүрүүчүлөр саат алтыда чектөөгө алган. Учурда жеринде 19 атайын техника жана 65 өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0