Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт

462
Россиянын истребителдери Сириянын жээгине жакындоого аракет кылган АКШнын Poseidon P-8A чалгынчы учагынын жолун тосту.

Бул окуядан кийин АКШ командачылыгы Россиянын аскер-космостук күчтөрүн ээнбаштык менен кооптуу маневрларды жасап жатат деп кине койду. Алардын айтымында, россиялык истребителдер тыңчы учакка 8 метрге чейин жакын келип, маневр жасоого жолтоо болгон имиш. Чалгынчы учактын жолун бууганга 64 мүнөт кеткен.

Америкалык учактар ушуну менен Сириянын аймагында жайгашкан россиялык аскер объектилерине жакындоого акыркы эки айда эле үчүнчү ирет аракет жасап жатышат.

Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Аскер-космостук күчтөргө таандык учактардын баары эл аралык эрежелерди катуу сактай турганын дайым эскертип келет.

462
Белгилер:
Сирия, армия, Россия, АКШ, чалгынчы, истребитель, учак
Тема боюнча
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү

Бишкек мэриясы асма уколдун штативин жана тосмолорду кантип жасап жатат. Видео

241
(жаңыланган 13:31 06.07.2020)
Бишкектин коммуналдык кызматтары асма укол коюуга штативдерди жана бүгүлмө тосмолорду жасап жатат. Алар борбор калаада ачылган күндүзгү стационарларда колдонулат.

"Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева кызматкерлер жабдууларды кантип даярдап жатканын көрсөттү.

Анын айтымында, муниципалдык ишкана стационарлар ачылган күнү 400 штатив жана 100дөн ашык тосмо жасаган. Бүгүн дагы кеминде 200 штатив даярдалышы керек.

Бишкектеги күндүзгү стационарлардын номери өзгөрдү. Тизме

Каракеева ошону менен катар эле башка бригадалар негизги жумушунда көчөлөрдү таштандыдан тазалап жүргөнүн белгиледи.

Мындан сырткары, "Бишкек асфальт сервис" ишканасынын кызматкерлери стационарлар ачыла турган күнү түнү менен 100 штатив жана тосмонун 40 каркасын жасаган. Ал эми "Бишкек жарык" 100 штатив жана 30 тосмо даярдап, стационарларды электр энергиясы менен камсыздаганын кошумчалады.

"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды

Белгилей кетсек, коронавирус жана пневмониянын жеңил же орточо түрүнө кабылгандар үчүн Бишкектин төрт районунда күндүзгү стационар түзүлгөн. Бул жерден ийне сайдырып, медиктерден консультация алууга болот. Мэрия ал стационарлардын дареги менен телефон номерлерин  жарыялаган болчу.

241
Белгилер:
стационар, кызмат, тосмо
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды

Бишкекте күндүзгү стационарлар бейтаптарды кабыл алып баштады. Видео

493
(жаңыланган 17:46 04.07.2020)
Бүгүн борбор калаанын төрт районунда күндүзгү стационарларды ачуу пландалган. Ага сасык тумоо же пневмонияга кабылгандар кайрыла алат. Ал жерде кеп-кеңеш жана асма укол алса да болот.

Ленин районунда бейтаптарды кабыл алуу башталганын мэриядан билдиришти.

Видеодон биринчи бейтаптар кирип, кезекке туруп калгандыгын көрүүгө болот.

Стационарды даярдоо иштерине куткаруучулар да тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргыновдун айтымында, куткаруучулар түнү бою керебеттерди коюп чыккан.

Мэрия 530 орундук коюлгандыгын билдирди. Мындан мурдараак ар бир жайда 200 орун бар экендигин айткан эле.

Күндүзгү стационарлардын дареги:

  • Ленин району – "Газпром" Ден соолукту чыңдоочу комплекси (Жайыл баатыр көч., 66)
  • Биринчи май району – Кожомкул атындагы Спорт сарайынын имараты
  • Свердлов району – Санатбаев атындагы Ден соолукту чыңдоочу комплекс (Чыгыш-5 кичи району)
  • Октябрь району – Чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Түштүк магистраль)

Пневмониядан дарылоо үчүн Бишкекте дагы үч стационар ачылды. Дареги

493
Белгилер:
бейтап, оорукана, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Маалыматты так берип тургула. Жээнбеков министр Абдикаримов менен сүйлөштү
Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз
Баткен облусунда Исфана — Сулюкта жолунда тоолор. Архив

Сүлүктүдө жер көчүп, автоунаа жолун тосуп калды. Видео

65
(жаңыланган 23:33 06.07.2020)
Жолду тазалоо үчүн бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Тазалоо иши эртең дагы улантылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчүп, автоунаа каттаган чоң жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000 метр куб жер сүрүлүп, жолду бөгөп салган. Жабыркаган адамдар жок.

Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жолду тазалоо үчүн Кытайдын жол куруучу компаниясынан бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Иштин эртең дагы улантылары айтылат.

65
Белгилер:
тазалоо, жол тосуу, автоунаа, Жер көчкү
Тема боюнча
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Жыл башынан бери 35 адам сууга чөктү. Өкмөт коңгуроо кагууда