Кежирлигин айт! Карганын кирпини түрткүлөп, жолдон өткөргөн видеосу

Жазылуу
Кадимки эле асфальтталган жолду туурасынан кесип, басып-баспай кежеңдеп бара жаткан кирпини артынан тумшугу менен чокулап, түрткүлөп өткөрүп бара жаткан чар карганы көрүүгө болот.

Маалыматты "National Geographic Россия" сайтына жарыялады.

Экөөнүн өтүп кетишин бир нече автоунаалар күтүп, казкатар тизилип токтоп калган.

Акыры алып тынды! Айдоочунун карганы тойгузган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Акыры алып тынды! Айдоочунун карганы тойгузган видеосу
Окуя Латвиянын Огре деп аталган шаарында болгон.

Видеону көргөн киши аргасыздан жылмаят. Кирпи чечен жалкоолондубу же башка себеби барбы, айтор, карганын чыдамын кетиргенин көрүүгө болот. Анткен менен кежирликке моюн бербеген канаттуу кезеги келгенде тумшугу менен тил укпаган, кашаңданган жаныбарды чокуп-чокуп алып жатканы көзгө дароо урунат.

Видеонун алдына комментарий жазгандардын бири "карганын бул камкордугу калп эле, четке чыгарып алып жеши да мүмкүн" деген.

Ал эми дагы бир интернет колдонуучу карганын акылы жети жаштагы баладай деген пикирин айтып, канаттуу кирпини өлтүрүүгө аракет да кылбастыгын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0