Илгиртпей кармап, тамактап... Олжосунан кол жууган кабыландын видеосу

Жазылуу
Алдуу алсыздарга үстөмдүк кылган табияттын мыйзамын Малайка деп аталган кабыландын мисалынан дагы бир ирет көрүүгө болот.

Бул темадагы окуя туурасында "National Geographic Россия" сайты жазган.

Жаштыгы жана шамдагайлыгы менен олжосун дароо кармап, бактын башына алып чыгып кеткен ургаачы кабылан Малайканын видеосу көптөрдү таң калтырбай койбойт.

Жырткычтардын ичинен мындай ыкчам жана тез чуркаган жаныбар болбосо керек.

Вначале не заметил, а потом еле ноги унес — видео охоты львицы на леопарда - Sputnik Кыргызстан
Бакка чыга качып, көпкө отурду. Арстандан араң кутулган кабыландын видеосу
Ага жем болгон антилопа айланадагылардын көзүн кызартып, тегеренип кетпей, бирок бакка чыга албагандыктан кайра артка тартканын күбө болобуз.

Анткен менен желип-жортуп жетип келген эркек, кадыресе күчтүү кабылан бактын башына көз ирмемде чыга келип, Малайканын олжосуна ээлик кылып кеткенин операторлор алыстан даана тартып алган.

Айбат кыла албаган ургаачы кабылан тамагынан тоё жей электе аргасыздан, улам кылчактап кетип бара жаткандыгына күбө болобуз.

Видео Смитсоновский институтунун "Африкалык аңчы кабылан" программасынын алкагында тартылган.

Буга чейин да интернет айдыңында маймылдын чабуулуна туруштук бере албаган кабыландын видеосу жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0