Бел ашып, кар кечип жарык жандыргандар. Асманда иштеген энергетиктердин видеосу

Жазылуу
3000 бийиктиктеги катмарлап каткан карды аралап, андан соң ашуунун дал чокусуна орнотулган электр линиясынын түркүгүнө чыгып, аны бир нече күндөп оңдоо жөнөкөй адамдардын колунан келе турчу иш эмес.

Кыргызстандын улуттук электр тармактары ишканасынын Нарындагы энергетиктери 3000 метр бийиктиктеги кар тоңгон Сары-Кыр ашуусуна чыгып барып, электр өткөрүүчү линияны оңдошту - Sputnik Кыргызстан
Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду. Сүрөт
Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар, бирок төмөнкү видеодон кооптуулук менен коштолгон түйшүктүү иш процессин көрүүгө болот.

Бул — "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын Нарындагы энергетиктери Сары-Кыр ашуусуна чыгып барып, электр өткөрүүчү линияны оңдогон учуру.

Ал жерге адистер жолду кардан тазалап отуруп, эки күндө жеткен. Бул ишти аталган мекеменин Нарындагы филиалынын бригадасы жасады. Ошентип акырында энергетиктер Урумбаш-Жетиген деп аталган 110 кВт чыңалуудагы линияны оңдошту.

Жаңылыктар түрмөгү
0