Колдоруна "Дем ала албай жатам", "Акыйкатсыздык жок, демек тынчтык жок" деген плакаттарды көтөргөн адамдар Нидерландда, Испанияда, Аргентинада, Улуу Британия менен Германияда акцияга кошулушту. Ал эми Грецияда митингчилер консулдуктун жанындагы АКШнын желегин өрттөп жебиришкен. Канада менен Францияда да башаламандык болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болгон. Окуя болгон жерлерден тартылган видео назарыңыздарда.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
Түндүк Македониядагы уй фермада эки баштуу жана төрт көздүү музоо туулган. Бул тууралуу Wis TV телеканалы маалымдаган.
Видеодон эки баштуу музоо бир оозу менен сүт ичкенде экинчи оозу кошо кыймылга келип жатканын көрүүгө болот.
Фермердин айтымында, жаныбарды карап чыккан ветеринар музоонун органдары азырынча кадыресе, толук кандуу иштеп жаткандыгын билдирген.
Адистер полицефалия сейрек кездешерин, мындай болуп туулган жаныбарлар көпкө жашабай тургандыгын айткан. Анткен менен фермер музоону канча жашаса ошончо жыл бакканга даяр экендигин, ага болушунча кам көрөрүн журналисттерге билдирген.Полицефалия сүт эмүүчүлөр менен адам баласында жолугат. Эгерде эки эмбрион курсакта жатканда экиге бөлүнбөй калса, алардын эки мээси калыптанып, дем алуу жана тамак сиңирүү органдары бир болуп жарыкка келет. Адатта алар тез эле көз жумат, бирок узакка жашагандары да бар.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу маалыматты дарыгер өзү тастыктады.
Анын айтымында, академияга мүчө болуп 2019-жылы ноябрда шайланып, 2020-жылы салтанаттуу иш-чарага катышып дипломун алмак. Бирок пандемияга байланыштуу эми гана учуру келип жатканын билдирди.
"Азыр Москвада жүрөм. Дипломду атайын салтанаттуу түрдө тапшырууга чакырышкан. Бир жарым жыл мурун жабык добуш берүү аркылуу шайланып, сессияларына катышып келдим", — деди Жумабеков.
Ал ошондой эле иш-чарага РФтин Илимдер академиясынын дагы бир чет элдик мүчөсү болгон Аскар Акаев да катышып, куттуктап кеткенин кошумчалады.
Жумабеков Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси. Медицина илимдеринин доктору, академик, бир катар сыйлык менен наамдардын ээси.