Тизелеп, тилектештикти билдирип… АКШ полициясынын видеосу

Жазылуу
Американын Де-Мойн шаарындагы нааразычылык акциясы жүрүп жаткан маалда полиция эл алдында тизелеп турду.

Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Муну менен тартип коргоочулар акцияга чыккандарга тилектештигин билдирип, расизмге жана адилетсиздикке каршы экендигин билдиришкен.

Шаар администрациясынын айтымында, митинг коменданттык саат алдында болгон. Ага катышкандар өздөрү эле үйүнө кайтышкан.

46 жаштагы афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен чатактын мизи кайта элек. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Флойдду өлүмгө дуушар кылган полиция кызматкерлерин катуу жазалоону талап кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0