АКШдагы толкундоолор: Ак үй нааразы болгондордон темир тор менен коргонду

Жазылуу
Ак үй Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин келип чыккан элдин толкундоолорунан улам коргонуусун кадыресе күчөттү.

Эми АКШнын президенти Дональд Трамптын резиденциясынын айланасына кошумча коргондор орнотулду. Тосмонун бийиктиги болжол менен 2 метрге чукул экенин байкоого болот. Тор Лафайет аянтынын айланасында тургузулгандыктан, нааразы болгондор Ак үйдүн аймагына жакын келе албай калышат.

Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Мындан сырткары Вашингтондо АКШнын Улуттук гвардиясы да ишин күчөттү. Кадрлардан аскерлер борбордун аймактарын кыдырып, кайгуул кылып жүргөндүгүн көрүүгө болот. Алардын ичинен Линкольндун мемориалы да көзгө урунат.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми АКШнын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0