АКШда полиция кара түстүү дин кызматкерлеринин бутун жууп берди. Видео

Жазылуу
46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган.

АКШнын Түндүк Каролина штатында полиция кызматкерлери тизелеп туруп, кара терилүү диний кызматкерлердин – пастордун бутун жууду. Бул туурасында "Известия" ABC11 телеканалына таянып жазды.

Кадрдан отургучта аял жана эркек – эки афроамерикалыкты жана алардын алдында тизелеп бир нече кишилердин отурганын көрүүгө болот.

Пастордун бири дубасын окуп, алгач баары чогуу сыйынат да, андан кийин аял жана эркек полиция кызматкерлери келип, буттарын жууй баштайт.

Маалыматта бул акциянын расизмге каршы иш-чаралардын алкагында өткөнү айтылды.

Бывший сотрудник полиции Миннеаполиса Дерек Шовен - Sputnik Кыргызстан
Флойддун өлүмүнө шектелип жаткан полиция биринчи жолу сотто жооп берет
Эске салсак, 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган. Маркум жасалма акча пайдаланды деген шек менен кармалган. Полиция кызматкерлери афроамерикалыктын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойддун бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШда эле эмес, башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир нече шаарында башаламандык болуп, талап-тоноо күч алган.

Интернент айдыңында полиция кызматкерлеринин толкунданган элдин алдында тизелеп турган видеолору арбын тарай баштады. Тизелеген жетекчилердин арасында Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо да болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0