Жумабеков: "өкмөттүн адвокаты" дегендерге чычалоонун кереги жок. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып "өкмөттүн адвокаты болуп алдыңыз" деген депутаттардын пикири боюнча оюн билдирди.

Төрага өкмөттү парламент түзөрүн, өзү түзгөн өкмөттүн Жогорку Кеңеш кемчиликтери менен бирге жакшысын да жашырбай жарыялап туруусу керектигин айтты.

Ал өзүнүн дарегине башка эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сөздөрдү ачык парламенттин үлгүсү катары кабыл аларын белгилеп, ага терикпей тургандыгын маалымдады.

"Мага да ар кандай сөздөр айтылды, "адвокат" деген. Бул демократиянын белгиси, парламенттин ичиндеги ачыктык. Депутаттар төрагага айтат, "сен адвокатсың" деп, дагы бир нерсени айтат. Ага чычалоонун кереги жок. Чындык нерсени чындыктай кабыл алыш керек. Аша чаап калп болуп баратса, аны да айтыш керек", — деди Жумабеков.

Ал мындай сындарды депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да дарегине айтып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0