Төрага Жумабеков: сөзүмдөн адашып жатканымды мойнума алам. Видео

Жазылуу
Төрага Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде эмоцияга алдырган учурда сөзүнөн адашып каларын айтты.

Спикер жыйындарда депутаттар кыска убакытта оюн жеткирип калуу үчүн же эмоцияга алдырып сөздөрдү ката айтып алышарын билдирди. Төрага мындан айрымдар шоу жасап жатканына токтолуп, мындай учурлар ачык парламентте болуп туруучу көрүнүш экенин белгиледи.

"Башкысы, биз мамлекетке кыянаттык кылган жокпуз. Менин мамлекетке болгон ниетим таза, ачык. Бюджеттен уурдап алган жокмун. Мамлекеттин иш-чараларына катышып өзүмдүн кызыкчылыгымды коргогон жокмун", — деди Жумабеков.

Эл өкүлү коомчулукта сөзүнөн жаңылган деп эмес, өлкө казынасына кол салган спикер деген сөздөр тарап кетсе, төрагалыкта отурбастыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0