Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен кармашкан автокранына чыгып алып, шаймандарын аспап кылып шаңкылдап ырдап жатканы элдин көңүлүн көтөрдү. Видеону Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Facebook баракчасына жарыялады.
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын алты кызматкеринен турган "ГПС 600" чыгармачыл тобу 2009-жылы түзүлгөн. Алардын бири аккордеондо, экинчиси комузда кол ойнотуп, калганы "ГПС 600" пенастволу, өрткө каршы колонка, өрт жеңчелерин туташтыргыч, илгич жана башка шаймандарын колдонот. Бул ирет алар "Тоолор", "Жылкычынын ыры" чыгармаларын ырдашты.
"Биз өрттү дагы өчүрөбүз, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин дагы жоебуз, ошону менен бирге чыгармачылык да жөндөмүбүз бар. Биз эски, колдонуудан чыккан жараксыз шаймандардын жана комуз, аккордеондун коштоосунда ырдайбыз", — деп айтышат топтун мүчөлөрү.
Аталган топ майрам күндөрү чогулуп, Кыргызстан, жаратылыштын кооздугу жана сүйүү жөнүндө ырларды аткарышат. Мында 15-июнда Кыргызстанда Өрткө каршы кызматтын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгына карата ыр тартуулашкан.
Видео мекеменин YouTube каналына жүктөлдү. Машыгуу Чүй облусунун ГЭС-5 эс алуу борборунда өткөн.
Суучулдар муздун алдында издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүүгө тартылары белгиленди.
Куткаруучу-суучулдар күжүрмөн даярдыкта болуу үчүн маал-маалы менен муз алдында практикалык жана теориялык көнүгүүлөрдү аткарып турушат.
Учурулган "өрдөктөргө" таянсак, Трамп ал күнү Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Клинтондун буга далили барбы? АКШ эмне үчүн кайрадан өзүнүн ички көйгөйлөрүнүн себебин тыштан издейт? Америкалык миллиардерди саясий жактан анча жактыра бербеген Клинтонду эмнеге "өчөшкөн айым" деп аташты? Жоопту видеодон көрүңүз.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Кошмо Штаттарга кире турчу адамдардан ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамаларды гана эмес, карантин да талап кылынарын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Вирустун жаңы штаммын аныктап калсак, АКШга башка мамлекеттерден учуп келгендерге жаңы чараларды киргизебиз. Ар бири бет капчан болушу шарт. Ошондой эле АКШга келе турчулар учакка отурарда коронавируска тест тапшырып, Америкага келгенде карантинден өтүшү зарыл", — деген Байден.Белгилей кетсек, Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарган.
Алгач президент АКШны кайрадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө кылып киргизди. Эске салсак, 2020-жылдын апрель айында Американын ал кездеги лидери Трамп ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурарын, болбосо уюм АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып чыккан. Июль айынан баштап Кошмо Штаттар уюмдан чыгуу процессин баштаган.