Бишкектеги мечитте санитардык эреже кандай сакталды. Дрондон тартылган видео

Жазылуу
Бүгүн Бишкек шаарындагы мечиттерге эки айдан ашык убакыттан бери боло элек жума намаздар окулду. Төмөндө бүгүнкү учурдан алынган видеону сунуштайбыз.

Адис автоунааны кантип дезинфекциялоо керектигин көрсөтүп берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Адис автоунааны кантип дезинфекциялоо керектигин көрсөтүп берди. Видео
Видео Кыргызстандагы эң ири мечиттердин биринен тартылды. Ал Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан. Анткен менен көптөн бери биринчи ирет болгон жума намазга эл көп чогулган жок.

Кире бериште келгендердин дене табын талаптагыдай текшерип, ичине бет кап менен киргизип жатышты. Намаз учурунда бири-биринен 1-2 метрдей окчун отурушту. Бирок кире бериште бир аз көбүрөөк чогулуп калганы байкалды. Ал эми эшикте тургандардын бир бөлүгү бет капчан жүрдү.

Кыргызстанда чектөөлөр негизинен алынды. Учурда той-аштарга, эл көп чогулчу иш-чараларга, көңүл ачуучу жайлардын, интернет-клубдардын, соода жайлардагы тамактануучу жана балдар ойноочу жерлердин иштешине уруксат бериле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0