Комуздун коштоосундагы орусча ырлар. Бишкекте Россия күнү белгиленди. Видео

193
(жаңыланган 21:07 12.06.2020)
"Подмосковные вечера" ыры комуздун коштоосунда жаңырды. Коронавирустан улам жаралган эпидемиологиялык кырдаалга карабай, Бишкекте Россия күнү белгиленди. Улуттук филармониянын залында көрүүчү болбогону менен сахнада бир нече артисттер кызыктуу онлайн-концерт берди.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында өттү. Аны маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко ачты.

Кыргыз жана орус өнөр адамдары сахнага чыгып, чыгармаларды аткарышты. Иш-чара борбордук телеканалдардан жана социалдык тармактардан көрсөтүлдү.

Кыргызстан тараптан ырчылар Султан Каримов, Замира Мавлянова, Жылдыз Осмоналиева, Юлия Руцкая, Бакыт Ыбыкеев, Тилек Найманбаев, Шайгүл Алсеитова, Каныкей Раймалиева, Кайрат Примбердиев, Ирина Рыбина, Миран Жанарбаев, Адис Ардинатов, Мария Наумова, Оксана Шутова, Данияр Дөөлөтбаков, Орозбек Бакытов, Нуржигит Асанов, Акмаанай Эшбаева жана "Семетей", "Шаттык", "Сувенир", "Акак" ансамблдери өз өнөрлөрүн тартуулады.

Россия тараптан Надежда Крыгина, Валерий Семин, Нина Шацкая, Альберт Жалилов, Евгений Южин жана "Россия", "Огоньки" топтору мыкты номерлерин сунуштады.

Кыргыз-Россия эриш-аркак жылында баш-аягы 200гө чукул иш-чараларды өткөрүү пландалып, бирок пандемиядан улам кийинки мөөнөткө жылдырылган. Алардын бир катарлары бүгүнкү сымал онлайн форматта өтүүдө.

193
Белгилер:
концерт, онлайн, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы (43)
Тема боюнча
Кремлдеги обондор. КР менен РФтин эриш-аркак жылынын ачылышы видеодо

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Видео

61
(жаңыланган 14:35 20.10.2020)
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы, киришип Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

61
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды

Ала-Букадагы алтын кен ишканасында өрт чыкты. Видео

270
(жаңыланган 14:28 19.10.2020)
Жеринде куткаруучулардын эки тобу иштеп жатат. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы алтын кен ишканасынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуянын видеосун социалдык тармактын колдонуучулары жүктөп жатат.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 10:22де бир өрт куткаруу бөлүмү, 10:35те экинчиси тартылган.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынын билдиришинче, саат 10:15тер чамасында Ала-Бука районунун Иштамберди аймагында иштеп жаткан Full Gold Mining (Фул Голд Майнинг) ишканасында өрт чыккандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Учурда 30дан ашуун кызматкер куткаруучулар менен биргеликте өрттү өчүрүү менен алек.

"Алдын ала маалымат боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан. Цианид же химиялык зат күйүп жатат деген божомол чындыкка дал келбейт. ӨКМдин өрт боюнча чыгарган жыйынтыгы менен гана калган жагдайлар белгилүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео

ӨКМ алтын-кен ишканасына таандык имараттан чыккан өрт саат 12:30да чектөөгө алынганын билдирди. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары улантылууда.

270
Белгилер:
өрт, алтын кени, ӨКМ, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты

COVID күч алууда. Аймактардагы пульмонологдордун телефондору

0
(жаңыланган 15:21 20.10.2020)
Коронавирустун алгачкы толкунунда профессор Талант Сооронбаевдин жетекчилиги алдында пульмонологдордун тобу түзүлгөн.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Коронавирус күч алган жай мезгилинде бейтаптарга аралыктан кеп-кеңеш берген пульмонологдордун тобу ишин кайрадан жандантты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Кеңеш берүү жекшемби күндөн сырткары күнүгө саат 09:00дөн 20:00гө чейин улантылат.

Адистердин тизмеси жана байланыш телефондору:

Бишкек шаары

  • Кемелова Жыпара Кемеловна – 0550539893 (Whatsapp);
  • Майназарова Бактыгүл Тураровна – 0702807418;
  • Шералиев Улан Умаралиевич – 0509990507;
  • Маражапов Нуриддин Хайитбаевич – 0504070704 (Whatsapp);
  • Кадырбердиева Зарина Сылыкбековна – 0552103866;
  • Абдраева Айнура Каныбековна – 0706797957;
  • Айдаралиева Шоира Дилмуратовна – 0558191943 (Whatsapp);
  • Акылбеков Азамат Исхакович – 0700351748;
  • Муратбекова Айбермет Муратбековна – 0700450814 (Whatsapp);
  • Мадемилов Маамед Жолдошбекович – 0706341649 (Whatsapp);
  • Исакова Гүлнара Бообековна – 0708450730 (Whatsapp);
  • Курманалиева Салтанат Эсенгуловна – 0709755630;
  • Мирзалиева Гүлзада Мирзалиевна – 0559766999 (Whatsapp);
  • Олейник Алёна Вячеславовна – 0700151796 (Whatsapp);
  • Магдиева Камила Мыртемировна - 0708878525;
  • Дөлөтова Токтобүбү Жоламановна - 0555708707, 0709708705;
  • Макканбаева Эльмира Боронбаевна – 0708109100 (Whatsapp);
  • Эшенкулова Венера Сыргаковна — 0705738934;
  • Емилова Мыскал Мамажановна — 0778287854;
  • Маметазим уулу Назар — 0555886661;
  • Мамбеталиева Анара Сариевна — 0555912701;
  • Маасаидова Акылай Жолдошевна – 0777337111.

Ош

  • Тилекеева Сабира Масадыковна – 0550936055;
  • Оморалиева Гүлзада Орозбаевна — 0553838345;
  • Примкулов Таалайбек Примкулович — 0772140372;
  • Зайдинов Камолиддин Зайдинович – 0557919156.

Жалал-Абад

  • Исакова Аида Мухтаровна – 0559161789, 0778536126.

Нарын

  • Жакыбалиева Нурайым — 0703646087.

Эске салсак, коронавирустун алгачкы толкунунда профессор Талант Сооронбаевдин жетекчилиги менен пульмонологдордун тобу түзүлгөн. Дарыгерлер күн сайын клиникада, госпиталда кызыл зонада иштеп жатканына карабастан күнү-түнү 15 миңден ашуун кайрылууга жооп берген.

0
Белгилер:
кеңеш, жардам, телефон, коронавирус, пульмонолог, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган ооруканалар. Тизме