Басарга жер жок. Австралиядагы деңиз бетин, жээкти бербеген ташбакалардын видеосу

Жазылуу
Австралиядагы Рейн аралында сууда сүзүп жүргөн жана кумда жаткан миңдеген ташбакаларды видеого тартып алышкан.

Таш бака. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таш баканы чуркай албайт деп ким айтты эле! Соцтармакты таң калтырган тасма
Traveland Leisure басылмасынын жазганына таянсак, Квинсленд штатынын Айлана чөйрө жана илим департаментинин изилдөөчүлөр командасы Рейн аралында калкып сүзүп жүргөн ташбакаларды дрон менен тартышкан.

Австралиянын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Чоң Барьердик рифтин бул бөлүгүн дүйнөдөгү жашыл ташбакалардын үйүрү байырлаганы көрүнүп турат. 

Сөздүн түз маанисинде алганда, жээкте алар көп жайгашкандыктан, басарга жер жок экенин байкоо кыйынчылык жаратпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0