Таланттарга энесиндей кам көргөн. Кондучалованын 100 жылдыгына арналган видео

Жазылуу
Күлүйпа Кондучалова Кыргызстандын маданият министри болуп 22 жыл иштеген. Бул инсан улуттук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

"Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгынын алкагында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата "Легендага айланган өмүр" аттуу видео-тасма даярдалды. Анын автору Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган жумалык жарыяланды
Күлүйпа Кондучалова Кыргызстандын маданият министри болуп 22 жыл иштеген. Бул инсан улуттук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Анын таланттуу, идиректүү адамдарды байкап, көрө билген сапатын белгилеп, айтып келишет. Кондучалова иштеп турган маалда кыргыз маданиятынын мыкты адамдарынын тобу чыккан. Ошол маалда Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Болот Миңжылкыев, Төлөмүш Океев, Нуртай Борбиев сыяктуу бир топ залкарлардын жылдызы жанган. Санай берсе, тизме бир топ узарат. Кондучалова аларды таптап, тарбиялап, опол тоодой эмгек сиңиргендигин азыркыга чейин айтып келишет.

Ал эми фильмде Кондучалованын өмүр жолу, Кыргызстандын маданиятына кошкон олуттуу салымы жөнүндө баяндалат. Кыргыздын бул атактуу кызы туурасында өзүнүн кызы Толук жана Атайын ыйгарым укуктуу элчи Ирина Оролбаева айтып берет. Андан сырткары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин "Легендарлуу парламентинин" спикери Медеткан Шеримкулов, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова эскеришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0