АКШда кайрадан толкундоолор башталды. Экинчи афроамерикалыктын өлүмү

Жазылуу
Мында митингдер Атланта шаарында өтүп жатат. Рэйшард Брукс полициянын колго түшүрүү аракетинен кийин госпиталда көз жумган.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин АКШдагы башаламандык боюнча пикирин биринчи ирет билдирди
Тартип сакчылары Бруксту офицердин электрошокерин жула качкандан кийин жарадар кылышкан. Ооруканага жеткирилген жабырлануучу кийин каза болуп калган.

Нааразылык акциясына чыккандар шаардын борборундагы трассаны бууп, окуя болгон жерде жайгашкан Wendy"s ресторанына өрт коюшкан. АКШда башаламандыкка өткөн толкундоолор бир нече жумадан бери уланууда. Алгачкысын Миннеаполисте афроамерикалык Жорж Флойддун полиция колунан көз жумушу шарттаган. Акция өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзүнө жайылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0