Кийин сүйүнөм. Касымалиева маанайы суз Бороновдун ал-жайын сурады. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева залга маанайы суз келген премьер-министрликке талапкер Кубатбек Бороновдун ал-жайын сурады.

Бүгүн парламенттик коалиция Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын карап, бир добуштан колдоду.

"Кубатбек Айылчиевич, залга маанайыңыз суз, абдан ойлонуп кирдиңиз да, негизи кандай сезим болуп жатат сизде? Сүйүнгөн жоксузбу же сүйүндүңүзбү? Премьер-министрлик өлкөдөгү эң чоң кызматтардын бири", — деп кайрылды Касымалиева.

Ага жооп катары Боронов бул кызмат тууралуу сунуш кечинде гана түшкөнүн, андыктан чоң жоопкерчиликти сезип турганын билдирди.

"Чынын айтайын, мен кечинде уктум. Сүйүнгөнгө убакыт болгон жок. Бир нерсени сезип турам, алдыбызда өтө чоң жоопкерчиликтүү иштер турат, чоң-чоң маселелер бар. Ошолордун үстүнөн иштешибиз керек. Жоопкерчилик сезим бар, сүйүнө элекмин. Эми эртең бекитсеңиздер, анан сүйүнөт болушубуз керек. Рахмат!" — деген пикирин айтты Боронов.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктар чуусунан улам кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0