Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео

Жазылуу
Бүгүн, 23-июнда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот процесси жыйынтыкталды. Судья Эмилбек Каипов төрт адамды күнөөлүү деп таап, өкүм чыгарды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко келген жок. Буга чейинки процессте сот аны тартипти бузгандыгы үчүн залдан чыгарып жибергени кабарланган. Мындан сырткары, мурдагы президент бир нече ирет сот жараяндарына катышуудан баш тартып, залдан чыгып кеткен.

Соттун өкүмү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Үй мүлкү конфискацияланып, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдары менен сыйлыктарынан кол жууду.

Президент аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, кийин башкы прокурор болгон Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылды. 5 миллион сом айып салынып, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратылды. Сот иштери бүткөнгө чейин үй камагында болот.

Мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева - Sputnik Кыргызстан
Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып салынып, үй камагына алынды
Батукаевге диагноз койгон академик, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов да күнөөлүү деп табылды. Бирок аны кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага тартылган жок.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жыл эркинен ажыратылды. Бирок буга чейин тергөө абагында отурган күндөрүн эске алуу менен жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулду.

Жолдубаева сот залынан чыккандан кийин өкүм менен макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга (Бишкек шаардык сотуна) арыздана турганын билдирди.

Ал эми Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев да даттанышы мүмкүн экенин айтып, мурдагы президенттин өзү менен кеңешип, анан бир чечимге келишерин белгиледи.

Батукаевдин иши

Кримтөбөл атыккан Азиз Батукаев 18 жылга эркинен ажыратылып Нарындын №24 абагында отурган. Бирок 2013-жылы оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Грозныйга учуп кеткен.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Улуттук музейдин иши: Сапар Исаковду сот 18 жылга кести
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга кесилип, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде Азиз Батукаевдин иши кайра жанданды. Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камалган. Атамбаевге да айып тагылып өткөн жылдын 8-августунда кармалган, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0