Кызыл аянттан баскан кыргыз жоокерлери! Жеңиш парадындагы видео

Жазылуу
Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышты. Алардын катарында Кыргызстандын аскерлери дагы бар.

Бул жылы Жеңиш парады 24-июнда болду. Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Белоруссия, Молдова жана Тажикстандын армиясы Кызыл аянтта салтанаттуу жүрүштөн өттү. Жалпы жонунан парадга 15 миң жоокер жана 200дөн ашуун техника тартылды.

Москвадагы аскердик парадга Кыргызстандын атынан Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясы катышты. Кыргыз жоокерлерин полковник Бекказы Түмөнбаев алып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0