Кинодогудай кооптуу! Стамбулдагы адам өмүрүн алган куюндун видеосу

940
(жаңыланган 09:20 25.06.2020)
Түшкө жакын башталган нөшөр аймактын көп райондорунда суу ташкынын жаратты. Ал эми ошол жердеги көлдүн үстүндө куюн пайда болду.

Түркиянын ири шаарларынын бири Стамбулда нөшөрдөн кийин суу ташып, жер көчүп, андан сырткары куюн жаралды.

TRT Haber агенттиги жаратылыштын бул көрүнүшүн YouTube каналына жайгаштырды.

Жолдун жээгинен тартылган видеодо суунун үстүнөн бийиктиги бир нече метрге жеткен куюндун уюлгуп, чоң күч менен кетип бара жаткандыгын көрүүгө болот. Ал жээкке жетпегени менен эпкини жүк ташыган автоунааны аңтарып кеткен. Шамал дарактарды кулатып, ондогон автоунаалар менен имараттарга зыянын тийгизген. Ал эми ошол аймактагы базарда соода кылгандар товарын таппай, өздөрү кайда жашынарын билбей калгандыгын айтышты.

Стамбул бийлиги жаратылыштын бул кырсыгы сириялык бир качкындын өмүрүн алгандыгын билдирди.

940
Белгилер:
Түркия, Сирия, куюн, көл, жээк, өлүм, базар
Тема боюнча
Суу каптаганы аз келгенсип, эми куюн кууратты. Казакстандагы окуянын видеосу

Рахмондун сыйын көргөн президенттер. Достук кеченин видеосу

1236
(жаңыланган 14:24 17.09.2021)
Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн.

ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Душенбедеги Өкмөт үйүндө өткөн жыйыны аяктагандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокторго достук кечесин уюштурду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги президенттин маалымат кызматына таянып кабарлады.

  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон организовал неофициальный банкет в честь глав государств — членов ОДКБ и ШОС, а также почетных гостей мероприятий.
    ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Душенбедеги Өкмөт үйүндө өткөн жыйыны аяктагандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокторго достук кечесин уюштурду
  • Выставка сельскохозяйственной продукции и национальных блюд в резиденции президента Таджикистана Эмомали Рахмона
    Билдирмеге караганда, Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн
  • Выставка сельскохозяйственной продукции и национальных блюд в резиденции президента Таджикистана Эмомали Рахмона
    Анда мөмө-жемиш, кургатылган жемиш, коон, дарбыз жана өлкөнүн улуттук тамак-ашы өзгөчө кооздолуп коюлган
  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон организовал неофициальный банкет в честь глав государств — членов ОДКБ и ШОС, а также почетных гостей мероприятий.
    Кечеге Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Пакистан ислам республикасынын өкмөт башчысы Имран Хан катышты
  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон организовал неофициальный банкет в честь глав государств — членов ОДКБ и ШОС, а также почетных гостей мероприятий.
    Достук кечеси Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жана Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдыгына арналган.
1 / 5
ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Душенбедеги Өкмөт үйүндө өткөн жыйыны аяктагандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокторго достук кечесин уюштурду

Билдирмеге караганда, Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн. Анда мөмө-жемиш, кургатылган жемиш, коон, дарбыз жана өлкөнүн улуттук тамак-ашы өзгөчө кооздолуп коюлган.

Кечеге Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Пакистан ислам республикасынын өкмөт башчысы Имран Хан катышты.

Достук кечеси Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жана Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдыгына арналган.

Маалым болгондой, коноктор жылуу, достук маанайда сүйлөшүп, меймандостугу үчүн Тажикстан президентине ыраазычылык билдиришкен.

1236
Белгилер:
Тажикстан, ШКУ, ЖККУ, конок, сыйлоо, Эмомали Рахмон
Тема боюнча
ЖККУ жыйыны. Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени козгоду
Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды. Сүрөт
ЖККУ өлкөлөрү аскердик полиция түзүүнү көздөгөн келишимге кол коюшту

Кол салган кушту тоголото сүзүп, тоокту сактап калган текенин видеосу

178
Чакан фермалардын биринде асмандан кол салып, тоокту илип кетүүгө аракеттенген карчыга куштун короз менен теке шаштысын кетирип, акырында качууга мажбур кылган.

Чакан фермалардын биринде асмандан кол салып, тоокту илип кетүүгө аракеттенген карчыга куштун короз менен теке шаштысын кетирип, акырында качууга мажбур кылган.

National Geographic Россия" сайты бул кызыктуу окуя Нидерланддардагы чарбалардын биринде болгонун жазды.

Байкоо жүргүзүп туруу үчүн орнотулган камерага түшкөн бул нерсе адам эмес, айбандарда да биримдик, кооптуу учурда жардамга келүү сезими бар экендигин көрсөткөн.

...Тосулган айдыңда кукулуктап бейкапар оттоп жүргөн тоокту кайдан-жайдан келгени белгисиз куш качырып сала берген. Экөө алышып, жүндөрү чар тарапка учуп калганда биринчилерден болуп жардамга короз чуркаган. Ал кушту чокулап, кандуу чеңгелинен тоокту куткарып алууга аракет кылган. Бир аздан кийин оттоп жүргөн Бруин аттуу теке чуркап келип, "короолошун" мыкчып, тырпыратып жаткан "душманды" тоголото бир нече ирет сүзгөн. Мындай каршылыкты күтпөгөн карчыга куш тоокту илип кетмек турсун, кара жанын араң алып качып, далбастап учуп кетип кутулган.

Видео ажалдан калган тоок менен анын шериги короздун кепесине кире качып, ал эми катуу кармаштан улам ала салып кеткен Бруиндин эч нерсе болбогондой туруп кетип бара жатканы менен аяктаган.

Ферманын ээси 59 жаштагы Яап Битс (Jaap Beets) бул жерди байырлаган жети жылдан бери жапайы куш үй канаттууларга кол салган төртүнчү окуя экенин айтып берген.

178
Белгилер:
коргонуу, тоо теке, тоок, куш, Нидерланды
Тема боюнча
Ажатканага барганды үйрөнгөн музоолор. Кызык учурдун видеосу
Кудум кишидей. Ийнеликтин "жуунуп" жаткан видеосу
Боом жолу. Архив

Эскертүү! 20-сентябрдан тарта төрт күнгө Боомдо кыймыл чектелет

0
Жол тазалоо учурунда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.

БИШКЕК, 17-сен.— Sputnik. Боом капчыгайында келе жаткан жумада таш кулатуу иштери башталарын "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынан билдирди.

Жолчулар 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатуу иштерин жүргүзөт. Мындай иштер таш кулап, кооптуулук жараткан кырдаалды алдын алуу максатында жүргүзүлүп келет.

Аталган иштер күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин болот. Жолду тазалап жатканда ары-бери каттаган автоунаалар үчүн трассанын бир тарабы ачык болору айтылды.

0
Белгилер:
жол, Боом капчыгайы, эскертүү
Тема боюнча
Бишкектин 22 көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Тизме