Россия COVID-19га каршы вакцинаны кантип сынап жатат. Ыктыярчылар тартылган видео

Жазылуу
Ушул тапта Россия COVID-19га каршы вакцинаны сыноодон өткөрүп жатат. Экспериментке ыктыярчы аскер кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар катышууда.

Алар Бурденко атындагы аскердик госпиталга жайгаштырылган. Препарат алгач аскер кызматкерлеринин организминде текшерилген, эми дарыны жөнөкөй жарандарга да сайып сынай башташты.

Улуттук борбор: Россиянын вакцинасы коронавирустан эки жылга чейин коргойт

Дарыгерлер экспериментке катышып жаткан ар бир адамдын ден соолугун күнү-түнү көзөмөлдөп, дене табын, жүрөгүнүн согушун жана кан басымын текшерип жатышат. Ошондой эле медиктерди кызытырган эң негизги нерсе — COVID-19га иммунитеттин пайда болушу.

"Мен кетип жатканда туугандарым мунун сага эмне кереги бар, кайда бара жатканыңды билесиңби деп тынчсызданышты. Бирок вакцинаны акыры бирөө тобокелдикке барып, өз организминде сынап көрүшү керек да", — деди ыктыярчылардын бири.

Анестезиолог-реаниматолог Олег Чихляевдин айтмында, вакцинанын терс таасири байкалган жок, эксперименттин катышуучулары өз организминде өзгөрүүнү сезбегенин айтышууда. Сыноонун июль айынын аягында бүтөрү пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0