"Байкоңур" космодромуна COVID менен күрөшүү үчүн Россиядан адистер келди. Видео

Жазылуу
Дарыгерлер менен кошо жасалма дем алдыруучу аппараттар, жеке коргонуу каражаттары жана дары-дармектер алып келинген.

Россиянын Федералдык медицина-биологиялык агенттигинин (ФМБА) адистери атайын учак менен Байкоңур космодромуна келишти. Бул тууралуу "Роскосмостун" маалымат кызматы билдирди.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны кантип сынап жатат. Ыктыярчылар тартылган видео

Дарыгерлер менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, эки миң комплект жеке коргонуу каражаттары жана керектүү дары-дармектер алып келинген.

"Роскосмос" мамлекеттик корпорациясы жана ФМБА "Байкоңур" комплексинде коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн тиешелүү чаралардын баарын колдонот", — деп айтылат маалыматта.

26-июнда Казакстандын Байкоңур шаарында коронавирус кооптуулугунан улам коменданттык саат киргизилип, калаага кирип-чыгууга чек коюлган. Коомдук жайлар жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0