Самаркандда сейрек кездешкен сиам эгиздери жарыкка келди. Видео

738
(жаңыланган 15:32 30.06.2020)
Кыздардын тулку бою бир, башы экөө. Денеде бир жүрөк, эки өпкө, бир ашказан жана бир жатын бар экени белгилүү болду.

Самарканд облусунда эки баштуу сиам эгиздери жарыкка келгендигин STV телеканалына шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды.

"Кыздар 27-июнда операция жолу менен төрөлдү. Салмагы 4600 грамм, бою 48 см. Учурда алар энтигип турат, жүрөгү начар иштегенин билдик. Аларды жылытылган кычкылтек менен дем алдырып жатабыз. Абалы оор", — деп айтылган маалыматта.

Кыздардын тулку бою бир, бирден колдору, бирден буттары бар. Денеде бир жүрөк, эки өпкө, бир ашказан жана бир жатын жайгашканы белгилүү болду. Адистер алардын сейрек кездешкен сиам эгиздери экендигин билдиришти.

Бетин кал баскан наристелердин видеосу. Экинчи бөбөккө операция жасалат

Самарканд облустук ооруканасынын балдар борборунун дарыгери Фаровон Самиевдин айтымында, учурда эгиздер ымыркайлардын тез жардам кылуучу бөлүмүндө жатат.

Түйүлдүктөрдүн мындай абалда болуп калганын энеси 21 апталык кош бойлуу кезинде билген дешти.

 

738
Белгилер:
операция, дарыгерлер, сиам эгиздери, Өзбекстан
Тема боюнча
Индияда эки баштуу ымыркай төрөлдү. Видео
Бангладеште бир баштуу сиам эгиздерин операцияга даярдашууда. Видео

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

219
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

219
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

470
(жаңыланган 18:22 10.08.2020)
Нааразычылык акциясы президенттик шайлоо аяктаары менен башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон жүздөгөн адамдар Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турууда.

Эки тараптын кагылышуусунун видеосу Беларустун TUT.BY. порталына жарыяланды.

Митингге чыккандарды таратуу үчүн милиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонушкан.

Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратышууда, жабыркагандар бар. Видео

Милиция кызматкерлери агылган митингчилердин жоон тобунан бир нече жолу артка кетенчиктешкен.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы добуштардын 82 пайызын алгандыгы айтылган. Дагы бир талапкер Светлана Тихановская сегиз пайыз алган.

470
Белгилер:
видео, митинг, президенттик шайлоо, Минск, Белоруссия
Тема боюнча
Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама
 Минскидеги массалык митинг. Архивдик сүрөт

Колунда жарылып кеткен. Минскидеги массалык митингде адам өлүмү катталды

0
Элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өтүп жатат. Акциялар президенттик шайлоодон кийин жекшемби күнү башталган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Нааразылык акциялар өтүп жаткан Беларустун борбор калаасында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Ольга Чемодановага таянуу менен Sputnik Беларусь агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.

Чемоданованын айтымында, көз жумган адам эркек киши.

"10-август күнү саат 23.00дөрдө Минск шаарынын Притыций проспектисинде топтолгон эл кыймылды бууш үчүн тосмолорду кое баштаган. Аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, эркек киши алган жаракатынан улам көз жумду", — деди ИИМ өкүлү.

Эскерте кетсек, нааразылык акциялары 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ушу тапта элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Акыркы маалыматтар боюнча тартип сакчылары менен кагылышуудан жапа чеккендер жана кармалгандар көбөйүүдө.

Эл көчөгө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анда азыркы президент Александр Лукашенко бир топ айырма менен атаандаштарынан озуп, дагы беш жылга өлкө башчысы болуп калмакчы.

0
Белгилер:
аянт, милиция, өлүм, митинг, Минск, Беларусь
Тема боюнча
Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео