Россия элчилигинде Баш мыйзамга түзөтүү киргизүүгө добуш берилүүдө. Видео

81
(жаңыланган 18:10 01.07.2020)
Кыргызстандагы россиялыктар төрт шаарда добуш бере алат. Ал эми борбор калаада элчиликтин имаратында өтүүдө.

Жарандар саат 20:00гө чейин добуш бере алышат. Өзү менен кошо Россия жараны экендигин тастыктаган документин алып келиши керек.

Эпидемиялык кырдаалдан улам элчилик шайлоочулардын коопсуздугун камсыздаган бардык чараларды көрдү.

Кирип бара жатканда антисептик колдонулууда. Аларга медициналык бет кап жана кол кап берип жатышат. Элчиликтин кызматкерлери сактануучу каражаттарды колдонууда.

Элчилик россиялыктарды төмөнкү даректер боюнча келип, добуш берүүгө чакырат:

  • Бишкек, Манас проспектиси, 55 (элчилик);
  • Ош, Камбаралы Бобулов көч., 77 (Башкы консулдук);
  • Кант, № 20022 аскердик бөлүк;
  • Каракол, № 87366 аскердик бөлүк.

Саат 14:00гө карата Кыргызстанда РФтин 2 855 жараны добуш бергендигин Sputnik агенттигине дипломатиялык өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берди

Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдө президентке, өкмөткө жана ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге талаптар жаңыланган. Жарандарга мамлекеттик социалдык кепилдиктерди бекитүү, парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү жана федералдык аймакты ажыратып алууга тыюу салуу, орус тилинин макамын бекемдөө каралган. Андан сырткары, бир беренесинде Кудай эскертилип, россиялык мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү үчүн мураскерлик туурасында да айтылат.

Ошондой эле учурдагы иштеп турган мамлекет башчысына 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет.

81
Белгилер:
элчилик, добуш берүү, конституция, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Бишкекте россиялыктар РФ Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш беришүүдө
Бишкекте россиялыктар Конституциясын өзгөртүүгө добуш берүүдө. Сүрөт түрмөк

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

219
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

219
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

470
(жаңыланган 18:22 10.08.2020)
Нааразычылык акциясы президенттик шайлоо аяктаары менен башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон жүздөгөн адамдар Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турууда.

Эки тараптын кагылышуусунун видеосу Беларустун TUT.BY. порталына жарыяланды.

Митингге чыккандарды таратуу үчүн милиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонушкан.

Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратышууда, жабыркагандар бар. Видео

Милиция кызматкерлери агылган митингчилердин жоон тобунан бир нече жолу артка кетенчиктешкен.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы добуштардын 82 пайызын алгандыгы айтылган. Дагы бир талапкер Светлана Тихановская сегиз пайыз алган.

470
Белгилер:
видео, митинг, президенттик шайлоо, Минск, Белоруссия
Тема боюнча
Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама
 Минскидеги массалык митинг. Архивдик сүрөт

Колунда жарылып кеткен. Минскидеги массалык митингде адам өлүмү катталды

0
Элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өтүп жатат. Акциялар президенттик шайлоодон кийин жекшемби күнү башталган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Нааразылык акциялар өтүп жаткан Беларустун борбор калаасында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Ольга Чемодановага таянуу менен Sputnik Беларусь агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.

Чемоданованын айтымында, көз жумган адам эркек киши.

"10-август күнү саат 23.00дөрдө Минск шаарынын Притыций проспектисинде топтолгон эл кыймылды бууш үчүн тосмолорду кое баштаган. Аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, эркек киши алган жаракатынан улам көз жумду", — деди ИИМ өкүлү.

Эскерте кетсек, нааразылык акциялары 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ушу тапта элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Акыркы маалыматтар боюнча тартип сакчылары менен кагылышуудан жапа чеккендер жана кармалгандар көбөйүүдө.

Эл көчөгө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анда азыркы президент Александр Лукашенко бир топ айырма менен атаандаштарынан озуп, дагы беш жылга өлкө башчысы болуп калмакчы.

0
Белгилер:
аянт, милиция, өлүм, митинг, Минск, Беларусь
Тема боюнча
Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео