Бишкек мэриясы асма уколдун штативин жана тосмолорду кантип жасап жатат. Видео

Жазылуу
Бишкектин коммуналдык кызматтары асма укол коюуга штативдерди жана бүгүлмө тосмолорду жасап жатат. Алар борбор калаада ачылган күндүзгү стационарларда колдонулат.

"Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева кызматкерлер жабдууларды кантип даярдап жатканын көрсөттү.

Анын айтымында, муниципалдык ишкана стационарлар ачылган күнү 400 штатив жана 100дөн ашык тосмо жасаган. Бүгүн дагы кеминде 200 штатив даярдалышы керек.

Бишкектеги күндүзгү стационарлардын номери өзгөрдү. Тизме

Каракеева ошону менен катар эле башка бригадалар негизги жумушунда көчөлөрдү таштандыдан тазалап жүргөнүн белгиледи.

Мындан сырткары, "Бишкек асфальт сервис" ишканасынын кызматкерлери стационарлар ачыла турган күнү түнү менен 100 штатив жана тосмонун 40 каркасын жасаган. Ал эми "Бишкек жарык" 100 штатив жана 30 тосмо даярдап, стационарларды электр энергиясы менен камсыздаганын кошумчалады.

"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды

Белгилей кетсек, коронавирус жана пневмониянын жеңил же орточо түрүнө кабылгандар үчүн Бишкектин төрт районунда күндүзгү стационар түзүлгөн. Бул жерден ийне сайдырып, медиктерден консультация алууга болот. Мэрия ал стационарлардын дареги менен телефон номерлерин  жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0