Силерге ыраазымын! Жээнбеков күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Видео

174
(жаңыланган 00:04 09.07.2020)
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, ал жерде иштеп жаткан медициналык кызматкерлер менен жолукту. Алардын учурдагы эмгегин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, борбор калаада калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн бир катар күндүзгү стационарлар ачылган.

Президент ал жердин шартын кыдырып көрүп, дарыгерлер менен пикир алышкан.

"Өз ден соолугуңарга коркунуч келип турганына карабастан, мекендештердин саламаттыгы үчүн иштеп жатасыздар. Көзүңөрдө чарчап-чаалыгуу, коркуу эмес, жалын бар. Ошого сүйүнүп жатам. Бул мага дем берет. Силерге ыраазымын, кудай колдосун", — деген Жээнбеков ак халатчандарга.

Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт

Өткөн суткада Кыргызстанда 345 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталды. Азыркы тапта стационарда 592 киши бар, анын 17си реанимацияда. 4 799 адам үй карантининде дарыланып жатат. Ушуну менен Кыргызстандын аймагында коронавирусту илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

8-июлга карата коронавирус жана пневмониядан 57 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

174
Белгилер:
видео, дарыгер, стационар, коронавирус, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2106)
Тема боюнча
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
Медициналык кызмат баарына тең болсун! Жээнбеков Суракматов менен сүйлөштү

АКШ Россияны "талиптер менен байланыш" үчүн опузалады. Ал эми ТИМ далил сурады

95
(жаңыланган 16:46 14.08.2020)
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эгерде талиптер менен байланыш аныкталып калса, Россияга анын баасын өтө кымбат төлөгөнгө туура келет деп опузалады.

Окуя Россия Афганистандагы террорчуларга америкалык аскерлерди өлтүргөнгө акча төлөйт деген маалыматты июнда The New York Times гезити жазып чыкканда башталган. Макалада эч кандай факты келтирилген эмес. Болгону куру сөздөр айтылган. Алар атайын кызматтын аталбаган маалымат булагынын айтканына негизделген. Россия ТИМи The New York жазган макала карандай калп экенин айтып, АКШдан далил талап кылды.

"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?

Америкалыктар мындай олуттуу билдирүү менен эмнени жашырганы, дегеле Россияны террорчулар менен байланыштыруу Трампка жардам бере алар-албасын биздин видеодон көрсөңүз болот.

95
Белгилер:
күнөө, талиптер, Россия, ТИМ, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү
Афганистанда бир нече теракт болуп, анын жоопкерчилигин "Талибан" алды. Видео
Афганистанда 20 киши набыт болду. "Ислам мамлекети" түрмөгө чабуул койду

Хабиб Нурмагомедовдун беттеш алдындагы маалымат жыйыны видеодо

191
(жаңыланган 16:21 14.08.2020)
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Gorilla Energ командасынын пландары жана алдыдагы беттеши тууралуу айтып берет.

Жеңил салмактын чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжи менен беттешке чыгат. Гэтжи 9-майда мекендеши Тони Фергюсонду уткандан кийин россиялык мушкерге башкы атаандаш болгон.

Аралаш мушташ спортунда 31 жаштагы Гэтжи 22 ирет жеңишке жетип, эки жолу утулган. Ал эми анын атаандашы Нурмагомедов 28 жолу октагонго чыгып, жеңилип көрө элек.

191
Белгилер:
беттешүү, UFC, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
Шайтан алгыр! Сен-Пьер аны Нурмагомедов менен беттештирүү боюнча үн катты
Океанга чөктүрөм. Хабиб атаандашы Гэтжиге "тап берди"
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды