Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов тууралуу тасма тартылды

Жазылуу
Тасмада Dagestan: Land of Warriors аттуу даректүү сериал үчүн тартылган кадрлар пайдаланылган.

Russia Today телеканалы UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун элесине арнап тасма тартуулады.

Фильм RT Sport каналдын YouTube каналына жарыяланды.

Тасмада көрсөтүлгөн кадрлар 2019-жылы Dagestan: Land of Warriors аттуу даректүү сериалдын бешинчи эпизоду үчүн тартылганы, бирок машыктыруучунун каза болгондугуна байланыштуу тасма номери жок эле чыгарылганы белгиленет.

Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедовдун сөөгү Дагестанда жерге берилди

Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда 57 жаш курагында каза болгон. Коронавирус илдетине чалдыгып, ден соолугу катуу жабыркаган. Ага Москванын ооруканасында операция жасалган болчу. Сөөгү Дагестандагы өзүнүн Кироваул айылына коюлган.

Абдулманап Нурмагомедов машыктыруучу катары спорттун бир канча түрүнөн жалпысынан 18 дүйнө чемпионун тарбиялап чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0