Бишкектеги өлүккананын айланасындагы көрүнүш. Видео

2778
(жаңыланган 17:19 17.07.2020)
Кыргызстанда COVID-19дан ондогон адам каза болуп жатат, алардын көбү Бишкек шаарында катталууда. Биздин оператор борбордогу өлүкканага барып, бүгүнкү абалды тартып келди.

Агым абдан көп болду деп айта албайбыз дешти Республикалык соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери. Бул жерди эл Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан өлүккана катары билет. Алардын айтымында, сөөктү негизинен "Семетей" (мурдагы "Ганси" базасы) госпиталынан алып келип жатышат.

Пневмониядан өлгөн адамдын өпкөсү кандай болуп калат. Сотмедэксперттин маеги

Иш күндөрү эшиктин алдынан киши кетпейт: үй-бүлөсү жакын адамынын сөөгүн алып кетиш үчүн күтүп турат. Жаңы эреже боюнча, моргдун кызматкерлери муркумду дезинфекциялап беришет. Ал жерден түз эле мүрзөгө алып кетишет.

Кыргызстанда коронавирус менен катталган учур 23 783кө жетти. Алардын ичинен 785 адам көз жумду. Өткөн суткада 83 адам каза тапса, анын ичинен 33ү Бишкекте болду.

2778
Белгилер:
мүрзө, дезинфекция, өлүккана, эпидемия, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2700)
Тема боюнча
Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 77 бейтап көз жумду
COVID менен пневмония чогуу эсептеле баштады. Жуктургандардын саны 23 783 болду

Окуучу кезде өзүм каччумун, азыр 8 балам менен качып жүрөм. "Чек арачы" эненин муңу

26
(жаңыланган 15:59 07.05.2021)
Катуу атып жатты, биз суу өткөн каналдын астына жашындык. Өзүм окуучу кезде дагы качар элем, азыр да сегиз баламды ээрчитип качып жүрөм. Тынч жашоо болбой калды, биз да эл катары жашагыбыз келет. Ушинтип сөзүн баштады муңайган "чек арачы" энелер.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Баткендин 14 айылынын 40 миңден ашуун жашоочусу мектептерге, бирөөлөрдүн үйүнө эвакуацияланды. Бул учурда "Алтын-Бешик" мейманканасы 196 адамга кучагын жайып, акысыз карап жатат. Алар улгайган ата-апалар, аялдар жана балдар. Азык-түлүк, кийим-кече, гуманитардык жардам менен камсыздалууда.

Sputnik Кыргызстандын кабарчыларына Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынан келген аялдар кантип качканы тууралуу айтып беришти.

"Алар өтө күчтүү курал менен атышты. Дароо эле миномёт, гранатомёт дейби, ушундай куралдар менен ата баштады. Биз качып чыкканга жетишип калдык. Каналдын астында суу өтө турган туннелдин астына жашынып жан сактадык", — деди Көк-Таш айылынын тургуну Асылкан Халматова.

Гүлайым Сатарова Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында жашайт. Ал балдарын ээрчитип таң атпай качып жөнөгөн, дагы деле коркуп турганы көзүнөн байкалып турат.

"Эртең менен ооз бекиткенден кийин "балдарыңарды даярдагыла, алып чыгып кетет" деген имиш болду. Балдарым уктап жаткан, тургузуп даярдап, коңшулар топтошуп бир жерде турдук. ӨКМдин балдары келип бирден-экиден маршруткага салып жатты. Ал эми жетишпей калгандары Рават айылына качты. Жетишкени Баткен элине (шаарына) келди", — деп эскерет айыл тургуну.

Сатарова жети кыз, бир уулдун энеси, жолдошу чек ара заставасында иштейт. Ал сегиз баласын ээрчитип, буга чейин бир нече ирет качканын айтып берди. Мындай жаңжал өзүнүн бала кезинен бери токтобой жатканы ызалантат.

"1989-жылы мен 4-класстагы кыз элем, тажиктер менен чыр чыгып элди вертолёт менен эвакуациялаган. Бүгүнкү күндө балдарыбыз да ушинтип качып жүрөт. Былтыркы урушта балдарды үйгө калтырып, чоң кызымды тосуп алганы Ошко баргам. Аэропортко жеткенде артыбыздан чалып "башталып кетти, атышып атат" дешти. Эне үчүн ал убакты элестетип көргүлөчү. Үйгө жеткенге чейин канча нервим кетти, күйгөндөн суу иче берип азыр ден соолугумдан айрылып калдым, чынын айтсам. Кудайга шүгүр, коңшулар балдарымды коопсуз жайга алып чыгыптыр. Баары бир өз көзүң менен көрмөйүнчө кыжалат болосуң. Акыркы ирет таштаганым ошол болду, ошондон бери балдарымды таштай албайм", — деди Сатарова.
Пустая улица села Ак-Сай во время военного конфликта с Таджикистаном
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном

Бул үй-бүлөнүн турак жайы чек арага бет маңдай, жолдун боюнда жайгашкан. Ошондуктан да ээн-эркин жашап, балдарды көчөгө чыгаруу бир топ кооптуу экенин белгиледи.

"Дагы деле кооптуу, барсак кантип жашайбыз, билбейм. Айрыкча энелер үчүн кыйын экен, түн уйкуда дагы башталып кетсе кантем деп ойлоносуң. Буга чейин мен бир нече ирет качып көрдүм. Балдарым өтө жаш эле, бирин алсаң бири калып кетет, өкүрүп-бакырып ыйлап дагы жүрдүм. Мен дагы эл катары кеңири, коркпой-үркпөй, тынч жашасам дейм. Өзгөчө кыздарымдан корком, тажикстандыктар ары-бери өтүп тийише берет экен", — деп муңайды эне.

Ал эми аксайлыктар үчүн мал кармоо чоң тобокелчилик экенин айтат. Себеби коңшу өлкөнүн чегине өтүп кеткен мал кайтпайт экен.

"Мал кармасаң өзүңө жакшы эмеспи. Бирок Тажикстанга кирген мал ошол бойдон жок болуп жатты да. Коңшуларыбыз беш-алтыдан жоготту, кээде короосунан жылкыларды айдап кеткен учурлар болду. Бирок биздин бийлик тараптан бири дагы кайтарылбады. Алардын малы кирип кетсе биз, кыргыз, кең пейил эл экенбиз "тиги жерде тажиктин малы бар экен, айтып койгула, келип алып кетсин" дейбиз. Биз бирөөнүн малын мал кылганды жактырбайт экенбиз", — деди Сатарова.
Айыл окмоту села Ак-Сай во время военного конфликта с Таджикистаном
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном

Асылкан Халматова кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда тараптар алгач бири-бирине таш ыргытуу менен чектелсе, эки-үч жылдан бери курал колдонула баштаганына тынчсызданат.

"Бизге бийлик ушул чек араны чечип берсе, зым тор тартып эле тосуп таштасынчы. Болбосо мындай кайталана берет. Барган сайын күчөп жатат. Биринчи 1988-жылы башталган, Курман айт күнү тажиктер чыгып кетмен, күрөк, таш менен чабышкан. Биздин айылдар шахмат түрүндө жайгашкан. Суунун башы сыяктуу жакшы жерлерибизди алып калып, башка жагын алмашса деле макулбуз. Биз тынч жашагыбыз келет. Бийликтен ошону талап кылабыз", — деди Халматова.

Гүлайым Сатарова тажик тарап менен чыр алгач Ак-Сай айылында гана болсо, акырындап отуруп Көк-Ташка жетип, анан Лейлек районуна өткөнүн белгилейт. Бизден кийин башка айылдарда дагы тынчтык жок болуп калды дешти энелер.

"Алардын максаты эле кичине-кичинеден басып, жерлерди ала бериш экен. Кысым кылып жатып, бир канча жерлерди алып койду буга чейин. Кийин эл жапа тырмак чыгып, бербей тирешчү болду. Ак-Сайдын жайыты кенен, суунун башы. Биздин эл кетсе, каргаша болгон "Головнойдогу" суу Төрткүлгө келбей калат. Ал жер жөн эле өтүп кетет да. Тажикстан көз карандысыз болуп, ээн-эркин каттап калат. Азыр ошол жерде Ак-Сай эли турган үчүн алар кичине сестенип турушат. Канча жылдан бери Ак-Сайды жок кыла албай жатышат", — деди Сатарова.
Жители села Ак-Сай во время военного конфликта с Таджикистаном
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном

Белгилей кетсек, Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылыштан 190 кыргызстандык жабыркаган. Анын 36сы курман болуп, дагы 154 киши түрдүү жаракат алган.

Өкмөт талкаланган, өрттөлгөн бардык турак жайларды мамлекеттин эсебинен тургузууну убадалады. Ал эми каза болгон адамдардын жакындарына 1 миллион, жарадарларга 50-100 миң сомдон берилери айтылды.

26
Белгилер:
эвакуация, Тажикстан, коркуу, турак үй, Жаңжал, качуу, бала, эне, Ак-Сай, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарда аткарыла турган иштердин тизмеси
Марипов: чек ара чырынан талкаланган объектилерди оңдоого 700 млн. сом бөлүндү

Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео

77
(жаңыланган 15:51 07.05.2021)
Куйруктуу койлор десе эле гиссарлар көзгө элестейт. Кыргызстан гиссардан да чоң жана андан өзгөчөлөнгөн "Арашан" деген койлорду каттоого алды. 

Эт жана май багытындагы мындай койлор совет убагынан бери аргындаштырылып келгени менен расмий каттала элек болчу. Ушуну айынан кыйынчылыктар жаралып, акыркы жылдары Койчулардын коомдук бирикмеси менен Айыл чарба министрлигинин илимий кызматкерлери койлорду документтештирүүгө бел байлаган.

Акыры куйруктуу койлор 15-апрелде катталып, "Арашан" деген ат берилди. Sputnik Кыргызстан агенттиги шаардын четиндеги Новопокровка айылындагы чакан фермага барып материал даярдаган.  

Мужчина показывает новую породу мясо-сальных овец Арашан, официально зарегистрированного в Кыргызстане.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Куйруктуу койлор 15-апрелде катталып, "Арашан" деген ат берилди

Сынакта тукуму суроо жараткан койлор

2019-жылы Казакстанда асыл тукум койлордун фестивалы өтүп, анда биринчи орунду кыргызстандык фермер Аблай Михмановдун Гулливер аттуу кочкору камсыздаган. Салмагы 188 килограмм, бою бир метр болгон койду ошол жерден 10 миң долларга сураганда ээси бербей койгон эле.

Бирок бул сынакта Гулливердин каттоого алына элек тукуму суроо жараткан. Себеби көргөзмөгө Тажикстан гиссарларын, Казакстан афган гиссарларын алып барган. Ошондуктан Кыргызстандан барган малды жөн гана асыл тукумдуу кой деп атоого аргасыз болушкан. 

Новая порода мясо-сальных овец Арашан, официально зарегистрированного в Кыргызстане.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Адистин айтымында, бул түр совет убагынан гиссар менен кыргыздын кылчык жүндүү койлорун аргындаштырып отуруп пайда болгон

"Арашан" гиссар менен кылчык жүндүү койдун ортосунан чыккан

Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун кой-эчки өстүрүү жана аргындаштыруу бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраевдин айтымында, совет убагынан гиссар менен кыргыздын кылчык жүндүү койлорун аргындаштырып отуруп жаңы малдын тукуму пайда болду. 

Заведующий отделом разведения и селекции овец и коз Кыргызского НИИ животноводства и пастбищ Рахатбек Ибраев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун кой-эчки өстүрүү жана аргындаштыруу бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраев
"Министрликтин жобосу боюнча тукумду каттоо үчүн бир типте жана стандартка жооп берген 5 миң баш мал болушу керек. Учурда өлкөдө "Арашан" койлорунун 5800дөн ашык башы катталды.  Фермерлердин кайрылуусу менен бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүп, башка койлордон айырмасын аныктадык. Булардын тирүүлөй салмагы өтө эле чоң, төшү кенен. Бир жылдык токтулар 90 килограммга, тукум ала турчу чоңдору 200 килограммга жетип жатат. Азыр малдын санынан сапатка өтө турчу мезгил келди. Өлкөдө көптөн бери мындай жетишкендик боло элек болчу", — деди Ибраев.

Министрликтин өкүлү койлорду дүйнөгө таанытуу үчүн Кыргызстанда ири көргөзмө өткөрүп, ага башка мамлекеттин өкүлдөрүн чакыруу пландалып жатканын кошумчалады.

Койчулардын коомдук бирикмесинин башчысы Мирлан Сатыбеков "Арашан" койлорун жайылтуу иштери жүргүзүлүп жатканын айтты. 

Председатель общественного объединения заводчиков овец Кыргызстана Мирлан Сатыбеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Койчулардын коомдук бирикмесинин башчысы Мирлан Сатыбеков
"Каттоодон кийин эл аралык көргөзмөлөргө тоскоолдуксуз катыша алабыз деп турам. Азыр "Арашан" койлору гиссарга атаандаш, жадагалса алардан да чоң болуп жатат. Бир фермердин коюнун салмагы 220 килограмм чыкты, 50 миң долларга бербей жатат. Бул тукумдун козулары эле 300 доллардан өйдө сатылат. Бир короо кылып 500 кой бакканча, мындай тукумдан 100дү баккан пайдалуу эмеспи. Сойсо эттүү, сатса баалуу. Баса, койдун атын "Арашан" деп бекеринен койбодук. Арашан — ысык булак, облустун бардык жеринде бар. Койдун тукумуна дагы арашан сыяктуу таза жана тунук деген сыпаттамалар туура келет", — деди Сатыбеков.

Фермерлердин башын бириктирген Мирлан Сатыбеков учурда "Арашан" койлорунун тукумун көбөйтүү иштери кызуу жүрүп жатканын айтты. Ошол эле учурда короодо кармабай сатып эт багытында колдонуп жаткандар бар.

Новопокровкалык фермер Ильшат Габбазовдун бир короо "Арашан" тукумундагы кою бар. Көз арта турчу койлорунун каймана аттары — "Длинный", "Титаник" жана "Красавица" экен. 

Фермер Ильшат Габбазов в селе Новопокровка держит баранов и овец только породы Арашан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Новопокровкалык фермер Ильшат Габбазов
"Длинный" аты айтып тургандай эле узун кой, 170 сантиметрге жетет. Бою бир метрден ашат, үч жашта, салмагы 180 килограмм. Асыл тукум кочкор "Титаник" андан чоң, салмагы 193 килограмм, бою бир метрден ашат. Бул үч жаштагы койду көргөзмөгө даярдап жатам, атайын өзүнчө кармалууда. Ушул экөөнүн ар бири 30 миң долларга (2 миллион сомдон ашык) бааланат, бирок мен сатпайм, тукумун көбөйтүшүбүз керек. Ал эми "Красавица" ургаачы койлордун эң келишимдүүсү", — деди фермер.

Ошондой эле "Арашан" койлорун багам дегендерге кеңештерин бере кетти. 

Фермер из Новопавловки Ильшат Габбазов показывает новую породу мясо-сальных овец Арашан, официально зарегистрированного в Кыргызстане.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Габбазовдун бир короо "Арашан" тукумундагы кою бар. Көз арта турчу койлорунун каймана аттары — "Длинный", "Титаник" жана "Красавица"

"Мындай койлорду жайытка алып чыгуу керек. Бирок Чүйдө андай жерлер аз. Анткен менен короодон деле жакшы караса болот. Булар салмакты бат кошорун белгилей кетейин. Жемден арпа, жүгөрү, беде жейт. Бедени арпанын саманы менен тегирменден аралаштырып беребиз. Жеке тажрыйбамдан дагы бир нерсени бөлүшүп кетейин. Кочкорлорду көргөзмөгө даярдап жатканда семиртишет да. Анан өткөрүлбөгөн жем бергиле демекчимин. Кой өткөрүлгөн жемди көп жейт, анан аш кыла албай өлүп калышы мүмкүн. Майдаланбаган арпа жана жүгөрү көп болсо ичин өткөрөт, бирок кой аман калып атпайбы", — деди Газаров. 

Мирлан Сатыбеков кошумчалагандай, "Арашан" койлорун багам, сатып алам дегендер ал жетектеген Койчулардын коомдук бирикмесине байланышып кеңеш алса болот. Мындан тышкары, фермерлер интернет-сайт ачып, маалыматтар менен бөлүшүүнү пландап жатат.

77
Белгилер:
тукум, кой, Новопокровка айылы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу
Кыргызстандагы эң чоң ит. Миша Галустян арзып келген "Аракет"
Миллион долларга берилбеген бир тонналык Барон аргымагы улакта мүрт кетти
Айаал Лазарев (Киргизия) и Ислам Абуев (Азербайджан) во время поединка на соревнованиях по вольной борьбе среди мужчин в весовой категории до 125 кг на международном турнире по спортивной борьбе Гран-при Москвы-2020.

Кыргызстандык балбан Лазарев UFC мушкери Романовду көтөрүп чаап утуп алды

0
(жаңыланган 16:08 07.05.2021)
Кыргызстандык балбан эми Тажикстандын Рустам Искандариге көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Кармаштын жеңүүчүсү венгриялык балбан менен коло байге талашат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандык оор салмактагы эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев UFC мушкери, молдовалык Александр Романовду утуп алды. Балбандар Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү дүйнөлүк лицензиялык мелдеште көңүл жубатуучу этапта кез келишти.

Турнирдин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) расмий сайты түз алып көрсөтүүдө. https://uww.org/event/world-og-qualifier?tab=results&weight-category=690bd4c5-ada3-11eb-803a-06b1e9be04dc

Турнир ушул күндөрү Болгариянын София шаарында өтүп жатат. Лазарев биринчи бөлүктө 1:0 эсебинде утулуп жатып, тик турган позициядан атаандашын көтөрүп чаап, ошол бойдон килемге басып далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Спортчулар экөө тең баштапкы этапта Индия балбаны Сумит Сумитке жеңилген. Ал финалга чыккандыктан Лазарев менен Романов коло байгеге ат салышуу үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгышкан.

Кыргызстандык балбан эми тажикстандык Рустам Искандариге көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Кармаштын жеңүүчүсү венгриялык Хосе Даниэль Диас Роберти менен коло байге талашат.

Эске салсак, молдовалык Александр Романов UFC уюмунун мушкери. Ал промоушенде үч ирет октагонго чыгып, баарында жеңишке жеткен. Жалпысынан ММА спортунда 14 жолу таймашка чыккан болсо, бир да жолу жеңиле элек. https://sputnik.kg/sport/20201108/1050359721/ufc-zhenish-mayramdoo-nasaatchy.html

0