Финпол Бишкекте клександы 8 миң сомдон саткандарды аныктады. Видео

Жазылуу
Канды суюлтканга жардам берген клександы учурда коронавируска кабылгандар ичип жатат. Ал ооруканаларда болжолдуу түрдө 4 миң сомдон сатылат.

Бишкектеги дарыканалардын биринде клексан дарысын эки эсе кымбат саткандар аныкталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) кабарлады.

Финпол YouTube каналына дарыканалардын биринде кызматкерлер соода кылган видеону жүктөдү.

Белгилей кетсек, канды суюлтканга жардам берген клександы учурда коронавируска кабылгандар ичип жатат. Ал ооруканаларда болжолдуу түрдө 4 миң сомдон сатылат. Бирок ал дефицит болгондуктан айрым ооруканалар менен алып сатарлар баасын кыйла жогорулатканы байкалууда.

Россия Кыргызстанга коронавируска даба болчу авифавир дарысын жиберет

"ЭКККК кызматкерлери Москва көчөсүндө жайгашкан дарыканадан клексан препаратынын бир таңгагын 8 миң сомго сатып алган. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Дарынын баасын ашыкча көтөрүп жиберген фактылар болсо, Финансы полициясынын 1955 ишеним телефонуна чалып же receivefinpol.gov.kg@gmail.com дарегине маалымат калтырууга болот. Жарандардын арыздары жана кайрылуулары электрондук түрдө кабыл алынат. Дарыны сатып алгандыгын тастыктоо үчүн чектин сүрөтүн тиркөө зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0