Путин Керчте десанттык кемелердин курулушун баштап берди. Видео

Жазылуу
Путин Керчте Россиянын Аскер-деңиз флотунун эки кемесинин курулушун баштоо ишине катышты. Тик учакты алып жүрүүчү бул транспорттун узундугу 199 метрге жетсе, сыйымдуулугу 22 миң тонна.

Мындай көлөмү менен кеме француздардын "Мистралдарынан" да ашат: бортуна 20га чейинки тик учакты ала алат.

Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

Акыркы 8 жыл ичинде Аскер-деңиз флотунун курамына 200дөн ашуун заманбап кемелер кирди. 2027-жылга карата Россия флотунда алардын үлүшүн 70 пайызга жеткирүү милдети турат. Крымга орнотула турган жаңы кемелерди кантип аташканы жана Путинден жумушчулардын эмне сурагандыгы боюнча биздин төмөнкү видеону көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0